Опумбаев 2020-жылдагы Октябрь окуясында резиденцияда болгонун айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев. 2-декабрь, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2020-жылдагы Октябрь окуясында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болгонун айтты. Ал 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча отурумга күбө катары көрсөтмө берүү үчүн барганда журналисттердин суроолоруна бул тууралуу кыска гана жооп берди.

УКМКнын мурдагы төрагасы 2020-жылдагы башаламандык учурунда жана ага чейин коомдук абалга талдоо болгон-болбогону тууралуу суроолорго комментарий берген жок. Орозбек Опумбаев 2020-жылы бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуясынан бери коомчулукка биринчи жолу чыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкекте ири нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Ал күнкү митингдер түнү менен уланып, 6-октябрга караган түнү нааразылык билдирип чыккандар Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан Ак үйгө кирип барышкан. Ала-Тоо аянтындагы түнкү башаламандыктар учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан улам жаракат алып каза болгон.

Ошол учурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт, анын ичинде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 6-октябрда кызматтан кеткен. 9-октябрда ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагалык кызматынан бошоткон.

Сооронбай Жээнбеков өзү 16-октябрда Жогорку Кеңеште кайрылуу жасап, президенттик кызматтан кеткен.

Бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуяларынан бери Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз болуп жаткан. (BTo)

Дагы караңыз

Тбилисиде демонстранттар Чавчавдзе проспектисин бууганы кабарландыУкук коргоочулар адвокат Самат Матцаковдун камалышын сынга алдыСузакта тарбиячынын балага кол көтөргөнү тартылган тасма боюнча териштирүү жүрүп жататБаткенде климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселеси талкууландыУлуттар Уюмуна мүчө мамлекеттер желимди азайтуу боюнча мунаса таба алышкан жокГвинеяда стадиондогу тепсендиде 50дөн көп киши набыт болду