Чуулгандуу видеодон кийин Ноокат райондук милициясына жаңы жетекчи дайындалды

Жуманазар Орозбаев

Ички иштер министринин буйругуна ылайык, Жуманазар Орозбаев Ош облусуна караштуу Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, анын орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы болуп Медер Асанов, коомдук коопсуздук кызматынын башчысы болуп Сейитбек Молдобаев, кадр боюнча орун басарлыкка Илимбек Маматеминов дайындалды.

20-ноябрда социалдык тармактарда Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканы көрсөтүлгөн.

Видео Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын ошол учурдагы жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттангандан кийин чыккан.

Көп өтпөй видеого байланыштуу Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери (М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т.) жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы (М.Н) кармалган. Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып тагылууда.

Кийин Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулуп, издөө жарыяланганы кабарланган. Талгат Өскөналиев кызматынан төмөндөтүү менен жумуштан алынган. Милицияга өзү келгенин айткан Абдисатар уулу 2025-жылдын 20-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. (КЕ)

Дагы караңыз

Сирия: Өкмөткө каршы куралдуу топ Идлиб провинциясын көзөмөлгө алдыАКШ Грузия менен стратегиялык өнөктөштүгүн токтоттуЗеленский НАТО Украинанын аймагын коргосо гана согушту токтотууга болорун айтты Тбилисидеги нааразылык акциясында 100дөн ашык адам кармалды