Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын мониторингин тескеген документтин үстүнөн иштеп жатканын билдирди. “Власть” басылмасы жазганына караганда, анда “маданий, адеп-ахлак жана үй-бүлөлүк баалуулуктардын нормалары” аныкталмакчы.
Министрлик ошол нормаларды бузгандарга көз салып турарын кошумчалады.
“Азаттыктын” казак кызматы маалымдагандай, июнда маданият жана маалымат министрлинин орун басары Канат Искаков талкууга бейөкмөт уюмдар менен журналисттер тартыларын убада кылган. Министрлик жакын арада жаңы эрежелер талкуу үчүн атайын порталга жайгаштырыларын маалымдады.
Быйыл Казакстанда маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Анын алкагында адеп-ахлак, маданият жана үй-бүлөлүк баалулуктарды бузуу учурларына байкоо салынып турмакчы.
Искаков ал баалуулуктар мыйзамда бекитилбегендиктен, аларга тиешелүү укуктук-нормативдик база иштелип чыгарын айткан. Мониторингдин жыйынтыгында мыйзам бузулганы аныкталса, мекеме материалды алып салууну же оңдоону сунуш кыла алат.
Министрдин орун басары байкоо салуу иштерин белгиленген бир кызмат жүргүзөрүн кошумчалаган.
19-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзамга байланыштуу айрым укук коргоочулар тынчсыздануусун билдиришкен. Алардын пикиринде айрым толуктоолор мамлекеттин прессанын үстүөнө көзөмөлүн күчөтүшү мүмкүн.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндиги индексинде кошуна өлкө 2023-жылы 180 өлкөнүн арасынан 142-орунга жайгаштырылган.
Дагы караңыз
Москвага жакын партиянын чечими Грузияны толкуттуЖурналисттерди жана ишкерди коргогон адвокат кармалды"Арзаны таасир этпей жатат". Бейтаптар сапаттуу дары таппай кыйналды