Журналисттер согушта орусиялык 81 миңге чукул аскер каза болгонун ырасташты

Санкт-Петербургдагы көрүстөн. Апрель, 2024-жыл

Би-Би-Синин орус кызматы, "Медиазона" басылмасынын журналисттери жана ыктыярчылар тобу ачык булактарга таянып, Орусия Украинага басып киргенден бери 29-ноябрга чейин орусиялык 80 973 аскер каза болгонун аныкташты. Эки жума мурун алар набыт болгон 78 329 аскердин ысымдарын такташкан.

Журналисттер каза болгондордун жарымынан көбү армияда кызмат өтөчү эмес, согуш башталгандан кийин Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн деген бүтүмгө келди.

Өз ыктыяры менен урушка кеткендер арасындагы жоготуулар кескин өсүп жатканы байкалган.

Муну менен катар журналисттер согуш башталгандан бери армияны толуктаган жана майданда каза тапкандардын реалдуу саны мындан жогору болушу мүмкүн экенин белгилешет. Алар набыт болгондордун 28% фронтко кандай жол менен тартылганын тактай алган эмес.

"Ошол эле маалда түрмөлөрдөн жалдап алынгандардын үлүшү азаюуда. Былтыркы ноябрда аларга жоготуулардын 26% туура келсе, азыр 18% болуп калды", - деп айтылат маалыматта.

Жоготууларды жан башына алып эсептегенде алдынкы сапта Тыва, Бурятия жана Алтай турат. Эң ылдый жакта Москва менен Санкт-Петербург жайгашкан.

Иликтөөчүлөр каза тапкандардын статистикасын жүргүзгөндө ачык булактарга, атап айтканда маалымат каражаттарга, жергиликтүү администрациялардын билдирүүлөрүнө, маркумдардын соцтармактардагы постторуна жана көрүстөндөрдөн алынган маалыматтарга таянышат.

Москва жана Киев согуштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Адатта согушкандар каршы тараптын жоготууларын көбөйтүп, өзүнүкүн азайтышат.

Дагы караңыз

Иран атомдук программасын мындан ары да кеңейтерин эскертти “Кемпирабадчыларды” актаган судья Сыдыков кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыИликтөө: Орусия Беларуста украиналыктар үчүн фильтрациялык лагерь ачканСадыр Жапаров Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолугушту