Орус рублинин куну түштү. Мигранттар кантет?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын энергетикалык объектилерине жапырт сокку урулду. Орус президенти Владимир Путин муну украин тараптын Орусиянын аймагын АКШнын ракеталары менен аткылап жатканына жооп деп сыпаттады.

Бул арада Орусиянын валютасы – рублдин курсу түшүп кетти. Орусиянын өзүндө бир доллар 113-114 рублге тете болуп калса, Кыргызстанда бир рубль 78-81 тыйынга бааланып калды. Жогорку Кеңеш күч органдарынын кызматкерлерин cүрөт-видеого тартып, интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Анда иш учурунда милицияны видеого тарткандарга 5000 сом айып пул салуу же 7 суткага чейин камакка алуу жазасы каралууда.