АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Украина жана Орусия боюнча атайын чабарман кылып отставкадагы генерал, 80 жаштагы Кит Келлогду дайындоону сунуш кылды.
“Келлог башынан бери мени менен болчу. Биргелешип биз бекемдик аркылуу тынчтыкты камсыздайбыз, Американы, дүйнөнүн кайрадан коопсуз жерге айлантабыз”, - деп жазды Трамп Truth социалдык тармагына.
Ал президенттик шайлоо кампаниясы учурунда АКШнын Украинага согуш башталгандан бери миллиарддаган доллар жумшаганын сындап келди.
Быйыл июнда Рейтер агенттиги Келлог согушту токтотуу планын сунуш кылганын кабарлаган. Ага ылайык, Киев Москва менен сүйлөшүүгө барганда гана курал-жарак ала алат. Орусия сүйлөшүүлөрдөн баш тартса, Украинага аскердик жардам көбөйтүлөт деген шарт коюлган. Долбоордо сүйлөшүүлөр учурунда майданда ок атуу токтоп турары айтылган.
Трапмтын биринчи администрациясында Келлог бир нече кызматтарды аркалап, Улуттук коопсуздук кеңешинин аппарат жетекчиси, вице-президент Майк Пенстин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болгон.
Буга чейин Трамп Украина боюнча атайын чабарман кылып Ричард Греннеллди сунуш кылышы мүмкүн деген маалыматтар тараган. Дипломат урушту токтотуу үчүн украин аймагында «автономдуу тилкелерди» түзүүнү жактап, ал өлкөнүн жакын арада НАТОго кирүүсүн колдобосун айткан.
Учурда Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча атайын чабарман деген кызмат жок.