Пакистан оппозициясы нааразылык акциясын убактылуу токтотконун жарыялады

Пакистан. 2024-жылдын 26-ноябры.

Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хандын тарапкерлери жапырт нааразылык акциясын токтото турууну чечти. Анын "Адилеттик үчүн кыймыл" (PTI) саясий партиясынын 27-ноябрда X социалдык түйүнүнө жарыялаган билдирүүсүндө соңку акцияларда жалпысынан алты кишинин өмүрү кыйылганы, алардын төртөө күч кызматкери, экөө демонстрант экени белгиленди.

Партия митингдер убактылуу токтотулганын маалымдап, өкмөттү ырайымсыздыкка айыптады.

Хандын тарапкерлеринин өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынан башталган акциясы борбор калаа Исламабадга чейин жеткен. Алар лидеринин абактан бошотулушун талап кылган.

Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви түндө Исламабадда полициянын атайын коопсуздук операциясы жүргүзүлгөнүн, борбор калаа митингчилерден тазаланганын, жалпысынан 500дөй адам кармалганын билдирген. Андан кийин Исламабаддын полиция башчысы маалымат жыйын куруп, үч күн ичинде кармалгандар 954 адам, алардын 19у ооган жараны экенин кабарлады.

PTI партиясы "кеңешүүлөрдөн кийин жаңы стратегиясын иштеп чыгарын" билдирди. Хандын жубайы Бушра Биби да, негизги санаалашы, Хайбер-Пахтунхванын башкы министри Али Амин Гандапур да Исламабаддан аталган провинцияга кайтышканы маалымдалды.

"Машаал" радиосу кабарлагандай, Исламабадда полициянын эскертүүсүнө карабай 10-15 миңдей демонстрант чогулган.

72 жаштагы Имран Хан PTI партиясынын жетекчиси. Ал коррупцияга байланыштуу бир катар айып боюнча азыркы тапта жаза мөөнөтүн Исламабадда күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөөдө. Өзү жана тарапкерлери тагылган айыптарды бийликтин саясий максаттагы куугунтугу деп атап келишет. Хан Пакистан өкмөтүн 2018-2022-жылдары башкарган. (RK)

Дагы караңыз

Өзбекстан: Мирзиёевдин таасирдүү күйөө баласы кайда? "ЖИ өнүгүшү үчүн ачык булактагы маалымат көп болушу керек"“Аккула” ат майданы “РЦА Ливингге” 49 жылга пайдаланууга берилдиБишкек Берлинге карыз шартын карап көрүүнү сунуштады