Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 27-ноябрдагы сессияда Социалдык фонддун кызматкерлеринин иш сапары үчүн мамлекеттик бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөнүн сынга алды. ал Cоцфонддун төрагасы Бактияр Алиевден бул акча кандай максатта жумшаларын сурады.
"20 миллион сом деген өтө көп акча. Кызматкерлериңиз бул акчага кай жактарга барышат?" - деп сурады депутат.
Соцфонддун төрагасы бул акчанын баары иш сапарга колдонулбасын айтып, сумманы кыскартууга убада кылды.
"Бизде шаардык жана райондук 53 башкармалык бар. Андагы кызматкерлер өлкөнүн алыскы аймактарына чейин кыдырып, иш сапарына чыгышат. Акча мына ушуга сарпталат", - деди Алиев.
Анын маалыматына караганда, 2025-жылы Соцфонддун чыгашасы үчүн 120,1 млрд сом каралган.
Дагы бир депутат Таалайбек Сарыбашев Социалдык фонддогу Өнүктүрүү фондунан 226 млн сом кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө сарпталганын сындады. Депутат башкы прокурордун өкүлүнө кайрылып, мунун мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүндү.
Жогорку Кеңеш 27-ноябрдагы отурумунда "Социалдык фонддун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, 1-окуудан кабыл алды.(ZKo)
Дагы караңыз
"Чубак ажыны тааныйсыңбы?" Жоолукчан аялдар Москвага кирбей кайтты Абактагы Султанбековдун ачкачылыгы, Европарламентте көтөрүлгөн маселе Улукмандын учугун улаган дарыгер келбес жайга кетти Бишкекте балдардын мектептеги укугун түшүндүрүүчү өнөктүк башталдыБишкек Берлинге карыз шартын карап көрүүнү сунуштады Эрнст Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди