Орусия Улуу Британия элчилигинин саясий бөлүмүнүн экинчи катчысы Уилкс Эдвард Прайорду өлкөдөн чыгарууда. 26-ноябрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдиргендей, анын каттоосу жоюлуп, Орусиянын аймагынан эки апта ичинде чыгып кетүүсү зарыл экени эскертилди.
Прайор Орусияга кирүүгө уруксат алып жатканда өзү тууралуу жалган маалымат бергенин белгилеген мекеме ал дипломатиялык ишмердүүлүккө жамынып алып, тыңчылык менен алектенүүгө шектелип жатканын кабарлады.
Бул кадам Орусия менен Улуу Британиянын ортосундагы мамиленин ого бетер курчушунун жана Москванын Украинага каршы ачкан согушунан кийин бузулган Кремль менен Батыш алакасындагы кризисти айгинелейт. Британия Украинаны бекем колдогон, Орусияны ага каршы согушу үчүн катуу сындаган өлкөлөрдүн бири.
ФСБ Уилкс "Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан чалгын жана бүлдүрүү ишмердүүлүгү менен алектенген" деп эсептей турганын билдирди.
Британ өкмөтүнөн орус бийлигинин бул чечими жана айыптоолору боюнча азырынча расмий реакция боло элек.
Талдоочулар бул окуя АКШ жана Улуу Британия Украинага союздаштарынан алган курал менен Орусиянын аймагындагы аскердик объектилерге атууга уруксат берилгени маалымдалган учурда болуп жатканына көңүл бурууда.
Быйыл сентябрь айында ФСБ Улуу Британиянын элчилигинде иштеген алты кызматкердин аккредитациясы жоюлганын, анткени алар "чалгын жана бүлдүрүү" аракетине шектелип жатканын маалымдаган. Анда британ тышкы саясий мекемеси Орусия муну Лондон "орус мамлекетинин Европадагы жана Улуу Британиядагы айрым ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу кадамдарын" жасагандан кийин кылганын билдирген. Ошону менен катар министрлик дипломаттарга коюлган айып негизсиз экенин белгилеген. (RK)
Дагы караңыз
"Жашагым келет. Бирок мурдагы күйөөмдөн корком""Полицияга салып берди". Орусия өрттө элди куткарган Султанды өлкөдөн чыгарат "Жаңы күч" партиясы Бишкек шаардык кеңешинде 17 мандат алатУкраина: АКШ ATACMS менен Орусияга сокку урууга уруксат бергенин ырастады