Европарламент абактагы Султанбековдун абалына тынчсызданууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жергиликтүү шайлоодо добуш сатып алууга шектелип камалган оппозициячыл Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун тергөө абагында ачкачылык жарыялаганына эки апта болду. Ал өлкө жетекчилигине кайрылуу жасап, мыйзам бузулуп жатканын билдирүүдө. Султанбековдун иши боюнча Европарламенттин депутаты кыргыз бийлигине кайрылды.