Грузия: 14-декабрда президентти шайлоочулар коллегиясы тандайт

Бидзина Иванишвили (ортодо) парламентте. 2024-жылдын 25-ноябры.

Грузия парламенти кезектеги президенттик шайлоону 14-декабрга дайындаганын бүгүн 26-ноябрда "Азаттыктын" грузин кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, азыркы тапта грузин парламентинин отурумдарына бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын гана депутаттары катышууда, калган депутаттар парламенттик шайлоонун кайра өткөрүлүшүн талап кылган оппозиция менен биргеликте протест билдирүүдө.

Президенттик шайлоо күнүн аныктоо боюнча добуш берүүнүн натыйжасында 80 депутат макулдугун билдирди, каршы эч ким чыккан жок.

Грузияда мамлекет башчыны шайлоо бул жолу жаңы система боюнча уюштурулат – жалпы элдик добуш берүү болбойт, шайлоочулар коллегиясы добуш берет. Коллегия курамында 300 мүчөсү бар, алардын 150сү парламенттин, 21и Ажария аймагынын жана 20сы жикчил Абхазиянын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, 109у муниципалдык кеңештердин делегаттары болот.

Биринчи турда жеңишке жетиш үчүн талапкер 200дөн кем эмес добушка ээ болушу шарт. Эгер экинчи тур зарыл болуп калса, аны ошол эле күнү өткөрүшөт. Добуш берүү парламенттин имаратында уюштурулат.

Президенттикке талапкерлер ким болору азырынча белгисиз. Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын ардактуу төрагасы, орусиячыл миллиардер олигарх Бидзина Иванишвили шайлоого катышпай турганы, башка адам тандалганы 25-ноябрда жарыяланган.

Жаңы башчы беш жылдык мөөнөткө шайланат, анын инаугурациясы 29-декабрда өтөт.

Азыркы президент Саломе Зурабишвили бийликке 2018-жылы "Грузин кыялынын" колдоосу менен келген, бирок кийин өлкөдөгү окуяларга карата көз карашта ажырым пайда болгон. Азыр ал октябрда өткөн парламенттик шайлоо таза болбогонун айткан оппозицияны колдоодо.

26-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Грузин кыялы" партиясы добуштардын 53,92% алган, ал эми оппозицияга 38% тийгени жарыяланган.

Европа Биримдигине жана НАТОго мүчөлүккө талапкер Грузияда аталган партия бир нече орусиячыл демилге көтөрүп, ишке ашырды. Бул үчүн ал Батыштын сынына кабылууда. (RK)

Дагы караңыз

Майыптардын социалдык стационарында шарт жоктугу сынга алынды Мамбет Мамакеевдин сөөгү “Ата-Бейиттеги” “Баатырлар аллеясында” жерге берилдиКыргызстанда быйыл аялдар зомбулук көргөн 14 миңден ашуун учур катталды Азык-түлүк бир жылда 2,5% кымбаттады. Инфляция кандай эсептелет?