Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн аптада өзүн, үй-бүлөсүн коркуткан, бир канча шарт жазылган кат алганын жарыялаган, муну өзүнүн кызматтык ишмердиги менен байланыштырган. Бул коркутуудан улам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен тиешелүү орган-мекемелердин өкүлдөрүнөн турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөнүн айткан.
Атайын кызмат кармаган шектүү ким?
УКМК кылмышка шектүү деген Ж.А.С. аттуу адамдын сүрөтүн жана видеосун анын бетин жаппай ачык жарыялады. Видеодон ал жаран аты-жөнүн Жолчубеков Алмаз Сапарбекович деп айтып жатканын көрүүгө болот. Атайын кызматтын билдиришинче, ал убагында ооган чек арасындагы аскерлердин курамында болгон, алган билимине ылайык учкуч, 1994-жылдан тартып Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат кылган.
Маалыматка ылайык, анын Ташиевге жазган катын Б. М. М. аттуу туруктуу жашаган жери жок адам УКМКнын коомдук кабылдамасына жеткирген.
Атайын кызмат кылмышка шектүүнүн чет өлкөлөрдүн атайын кызматтарга жана "деструктивдүү" күчтөргө тиешеси бар экени аныкталды деп билдирди.
"Камчыбек Ташиевдин дарегине түшкөн жашыруун катка байланыштуу түзүлгөн олуттуу жагдай боюнча президент Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасына ылайык УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган мекемелер аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн. Чогулган материалдардын негизинде УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 36-122-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 4-пункту, башкача айтканда, адамды же анын жакындарын өлтүрүүгө даярдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-оперативдүү тобу Ж.А.С. аттуу жаран каттын автору экендиги аныктады. Ал көптөн бери бул ишке даярдык көрүп, өзгөчө оор кылмыш жасоого катышын жашыруу үчүн атайын шарт түзгөнү аныкталды. Ж.А.С. белгилүү жашаган жери жок Б. М. М. аттуу адамды ишке тарткан. Ал азык-түлүк түрүндөгү сый акы үчүн жашыруун кат салынган конвертти УКМКнын Коомдук кабылдамасына жеткирген. Жашыруун кат даярдалып жаткан компьютерлер, конвертке мөөр басылган сүргүчтүн үлгүлөрү алынып, тиешелүү экспертиза дайындалды. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн иликтөө иштери уланууда. Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн чет мамлекеттердин атайын кызматтарына жана деструктивдүү күчтөргө Ж.А.С.нын тиешеси бар экени аныкталды, алардын чоо-жайы тергөөнүн тартибине ылайык сыр бойдон сакталат", - деп жазылган маалыматта.
- Кылмышка шектүүнүн жакындары же жактоочусу азырынча комментарий бере элек. Ал тууралуу ачык булактарда эч кандай маалымат жок.
"Парламентердун" каты, бийликчил каналдардын маалыматы
Өткөн аптада Камчыбек Ташиев саналуу гана медиа үчүн чукул басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан кат алганын билдирген. Бул окуя тууралуу эң биринчи президент Садыр Жапаровго кабарлаганын, окуя анын тапшырмасы менен иликтенип жатканын айткан. Ташиев бул коркутууну өзүнүн ишмердиги, уюшкан кылмыш топторуна, коррупционерлерге каршы күрөшү менен байланыштырган жана баштаган ишинен кайтпасын билдирген.
УКМК Ташиевге келди деген көлөмдүү катты да жарыялаган. Анда өзүн "парламентёр" деп атаган адам "Ташиевди жана анын досторун кызматтан кетирүү операциясына аябай чоң суммадагы акча салынганын, иштин артында алты таасирдүү адам турарын тизмектеп жазган. Табышмактуу каттын ээси кат ортолоп калган жеринде өлкөдөгү өнүгүүнү көргөндөн кийин пикири өзгөргөнүн белгилеген.
Бул катта Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жесири Нуржан Тентимишованын аты аталган. Экс-спикердин жубайы муну кимдер кандай максатта жасап жатканын билбесин, өздөрү саясатка аралашпай калышканын айтып чыккан.
Ушул тушта бир катар бийликчил жана бийликке ыктаган медиалар бул окуяны кеңири, ара тараптан чагылдырып жатат.
Маселен, "Регион" телеканалы "Камчыбек Ташиевдин канын төккүсү келгендердин бири кармалдыбы? Ким?" деп аталган көлөмдүү сюжет көрсөттү.
"УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана анын үй-бүлөсүнө коркутуу болгону ачыкталды. Бул кабарды уккан коомчулук бир "селт" дей түштү. 20-нобярда айтылган бул кабар социалдык тармактарда дагы желдей тарады. Төрагага жеткен флеш картада бир катар шарттар коюлуп, эгер аткарбаса көп адамдын каны төгүлөрүн эскерткен. Каттын автору таразанын бир тарабына анын үй-бүлөсүн салып, коркутууга батынган. Бул маалымат тууралуу биринчи кабардар болгон президент Садыр Жапаров тыкыр иликтөөнү тапшырып, коомчулукка чукул арада жеткирүүнү табыштаган. Мындай оор кабарды уккан калк канжыгага башын байлап, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жан үрөп иштеп жаткан Камчыбек Ташиевди өздөрү коргоп алууга даяр экенин билдирип, кайрылуу жасап жатат", - деп айтылат аталган сюжетте.
Чуулгандуу каттын ээси кармалды деген маалымат сырдуу кат, киллер тууралуу социалдык тармактардагы талкууларды, бир топ суроолорду, түкшүмөл ойлорду кайра жандантты.
Байкоочулар эмне дейт?
Талдоочу Турат Акимовдун пикиринде, Кыргызстанда коопсуздукка жооп берген адамга коркутуу болгон жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия дагы түзүлүшү керек.
Коомдо жаралган суроолорго ынанымдуу жооп берилбесе, коомчулукта ишенбестик көбөйөт.
"Нормалдуу өлкөлөрдө мындай маселелер парламентте каралат. Камчыбек Ташиев - өкмөт башчынын орун басары, ошол эле кезде коопсуздук комитетинин жетекчиси. УКМКнын жетекчиси катары "бул купуя сыр, ачыктабайбыз, өзүбүз билебиз" десе, макул демекпиз. Бирок муну өздөрү жарыялап, айтып чыгышты да. Ошондуктан парламент комиссия түзүп, бийлик төбөлдөрүнө жазылган каттын жагдайын иликтеп, тактап чыгышы керек эле. Кармалды деген кишини дагы медициналык экспертизадан өткөрүш керек. Парламент иликтеп, анын жыйынтыгын жарыяласа, коомчулукта эч кандай суроо пайда болбойт, баары ордуна келет, тынчыйт, ишенет. Болбосо, албетте, суроолор жарала берет: түшүнүксүз кат, түшүнүксүз киллер, түшүнүксүз окуя, түшүнүксүз коркутуудай болуп, апенди мамлекет болуп калабыз. Баарын тактап, тастыктап, коомчулукка кеңири маалымат берип, суроолордун баарына жооп бериш керек. УКМКнын башчысы өзү "менин үй-бүлөмө чейин текшерип, аныктап жүрүптүр, дрон алыптыр, Кыргызстандын баарын кыдырыптыр, балдарыма чейин көз салыптыр" дегенден кийин бул, албетте, коркунучтуу окуя да. Бирок кат ээси өзүнүн жазганына караганда ал өлкөдөгү өнүгүүнү көрүп, баштапкы оюнан кайтып, айныган турбайбы. Балким, эми ага деле айкөлдүк кылыш керек".
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул окуяга байланыштуу "күнөөсүздүк презумпциясына" токтолду.
Соттун чечими чыга электе эле кимдир бирөө күнөөлөнүп, сүрөтү, видеосун ачык жарыяланып жатканын белгиледи.
"Биздин Конституцияда, мыйзамдарда "күнөөсүздүк презумпциясы" каралган. Ошол адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана аныктайт. Бизде соңку жылдары кимдир бирөөнү кармалды деп, анын сүрөтүн кошо жарыялап жиберген, жерге баса калып колун кайрып кармалып жатканда аты-жөнүн айттырып, таратып жиберген адат болуп калды. Бул коомчулукту убактылуу алаксытуу, коомду козгоо аракетиби, айтор, эмне экени белгисиз. Кармалган жарандарды жакшылап иликтеп, ынанымдуу далилдерди топтоп, кылмыш кылганын аныктап туруп, ишти сотко өткөрүп берсе, ошол жерден сот анан анын "киллер" экенин айтса, кылмышкер деп соттун чечими чыкса, биз деле "ии, бийлик, күч органдары иштеп жатыптыр, тергөө жүрүптүр, анын баары сот аркылуу далилденди" демекпиз. Кечээ кармап эле, бүгүн коомчулукка сүрөттөрү менен жарыялап атышат. Бул жерде Баш мыйзам бузулуп жатат, "күнөөсүздүк презумпциясы" деген фундаменталдык укук бузулуп жатат. Кайсы бир адамдын кылмышкер же кылмышкер эмес экенин бир гана сот айтышы керек", - дед Абдирасулова.
Буга чейинки шектүүлөр жана экстрадиция
УКМК 20-ноябрда Ташиевге кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан шектүү кармалганын кабарлаган. Атайын кызмат ал кримчөйрөнүн анабашы аталган Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобунун мүчөсү Руслан Дүйшеев экенин билдирген жана анын дагы колго түшүргөн маалдагы сүрөттөрүн, видеосун, көрсөтмөсүн ачык жарыялаган.
Ушул жылы жазында УКМК Кыргызстандын жетекчилигине кол салууну пландаган деген шек менен Азербайжандын беш жараны кармалганын, алардын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы болгонун билдирген. Бирок көп өтпөй эле алар мекенине өткөрүп берилгени маалым болгон.
Былтыр октябрда атайын кызмат кримавторитет Камчы Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алуу максатында Өзбекстандан үч жаран келгенин, кармалганын билдирген. Бирок көп өтпөй эле алар дагы мекенине өткөрүп берилген.
Кыргызстанда оор кылмыштарга шек саналган чет өлкөлүк жарандардын чукул, соттун чечими чыга электе эле экстрадицияланышы бир топ суроо жараткан.