Аба ырайы: күн ачык болот

25-ноябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жок. Күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 11…13° жылуу болот.

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: Бустондогу сүйлөшүүдө тактоо ишин улантуу тапшырмасы берилди Академик Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнөдөн өттү Румыния: Президенттик шайлоодо Украинага курал берүүгө каршы талапкер экинчи турга чыгышы мүмкүн "Кыргыз журналистикасынын тарыхы 1910-1920-жылдарда башталган"