24-ноябрда Румынияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Мамлекет башчылыгына 13 талапкер ат салышууда. Өлкөдө президенттик шайлоо эки айлампа менен өтүшү мүмкүн.
Байкоочулар шайлоонун 8-декабрга белгиленген экинчи айлампасында ашкере улутчул оңчул Румын биримдиги үчүн Альянстын (AUR) лидери Жорже Симион менен азыркы өкмөт башчы, өлкөнүн ири партиясы - Социал-демократиялык партиясы (PSD) колдоп жаткан Марчел Чолакунун ортосунда күрөш болорун айтышууда.
Шайлоо өнөктүгү маалында Симион Румыния менен чектеш Украинадагы согуш тууралуу бир нече ирет айткан. 2022-жылы жана андан кийин ал Владимир Путинди "согуш кылмышкери" деп атаган, ошол эле ал учурда Симион Украинага курал-жарак жеткирүүгө каршы пикирин билдирип келет. Ал Орусиянын чалгын кызматтары менен байланышы бар деген сөздөргө: "Румыниядагы орусофобиялык партияны жетектейм" деп жооп берген.
Симион Румыния менен Молдованын биригүүсүн жактайт. Бул үчүн Кишинев ага бир нече жолу Молдовага кирүүгө тыюу салган.
Румынияда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Мамлекет башчы улуттук коопсуздук, тышкы саясат маселелеринде толук бийликке ээ жана сотторду дайындайт.
1-декабрда Румынияда парламенттик шайлоо өтөт. Анын жыйынтыгында өкмөт курамы жана премьер-министри анык болот.
Дагы караңыз
Өзбекстанда ок атуу жаңжалынан улам бир катар жетекчилер кызматтан алынды Тергөө абагындагы Султанбеков президентке кайрылды, ал ачкачылык кармоону улантууда Израилдин Иорданиядагы элчилигине кол салган киши өлтүрүлдүКыргыз өкмөтү жасалма интеллектти өнүктүрүүгө көңүл буратАбактагы ишкер Имамидин Ташов №1 тергөө абагына которулду