Өзбекстанда ок атуу жаңжалынан улам бир катар жетекчилер кызматтан алынды

Абдусалом Азизов.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовду 23-ноябрда өкмөттүн жыйынында кызматтан алды.

Мындай чечимге эмне себеп болгону расмий кабарланган жок. "Озодлик" радиосунун булактары билдиргендей, президенттин бул чечими Министрлер кабинетинин чукул жыйынында кабыл алынган. Буга президенттик администрациянын мурдагы башчысы Комил Алламжановго ок атуу түрткү бергени айтылууда. Бир күн мурда Ички иштер министрлигинин, өкмөттүн, Коопсуздук кызматынын бир катар жетекчилери кызматынан алынган.

Азизовдун ордуна Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп Баходир Курбанов дайындалганы кабарланды. Ал 2019-жылдын февралынан бери өлкөнүн коргоо министринин орун басары болуп иштеп келген. Бул кызматка ал жаңы чакырылыштагы депутаттардын макулдугу жана президенттин буйругу менен бейшембиде дайындалган.

Баходир Курбановдун дайындалганы расмий жарыялана элек.

Быйыл 26-октябрга караган түндө Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам Комил Алламжановдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан. “Озодлик” өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, машинеде Комил Алламжонов жана анын айдоочусу болгон. Экөө тең жабыркаган эмес. Кийинчерээк бул окуяга катышы бар деген себеп менен үч киши кармалганы кабарланган.

Президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы деп саналган 40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип жатканын, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан.

Бирок кызматтан кетүү себебин ачыктаган эмес.

Дагы караңыз

"Күнүнө 2 млрд сомдон таап турушубуз керек". Бюджет кандайча эселеп өсүп жатат? Тергөө абагындагы Султанбеков президентке кайрылды, ал ачкачылык кармоону улантууда Израилдин Иорданиядагы элчилигине кол салган киши өлтүрүлдүКыргыз өкмөтү жасалма интеллектти өнүктүрүүгө көңүл буратАбактагы ишкер Имамидин Ташов №1 тергөө абагына которулду