Банктар менен каржы уюмдарынын кирешеси 26% өстү

Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын тогуз айында (январь-сентябрь) Кыргызстандын финансы тармагында иштеген уюмдар 115 млрд сомдон ашуун киреше табышты. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Бул көрсөткүч менен алардын кирешеси 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26% (дээрлик 24 млрд сом) өскөн. Көбүнчө коммерциялык банктардын кирешеси көбөйгөн.

Тогуз айда өлкөнүн финансы тармагында 619 уюм иш алып барган. Анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 581 банктык эмес финансы-насыялык уюмдар жана 16 камсыздандыруу компаниялары бар. Жыл ичинде алардын кардарынын саны 4 миллионго көбөйүп, сентябрдын соңуна карай 15,7 миллионго жеткен. Мындай өсүш мобилдик банкинг системасына кошулган банктардын, микрофинансылык уюмдар аркылуу онлайн насыялоонун жана камсыздандыруу тармагындагы келишимдердин көбөйүшү менен байланыштырылат.

Расмий статистика боюнча, 1-октябрга карата банктар менен банктык эмес финансылык-насыялык уюмдардын насыялык портфели 352 млрд сомдон ашкан. Берилген насыялардын 85% банк тармагына туура келет. Насыялар негизинен керектөө максатына (жалпы көлөмдүн 30% чукул), соода-сатыкка (24%), айыл чарба тармагына (15,7%) жана ипотекага (10,6%) берилген. (KbA)

Дагы караңыз

“Көп айдагандар көп төлөсүн”. Айдоочулар бензинге 1 сом кошуп беретДүйнөлүк банк Украинага 5 млрд долларга чукул жардам берет