Дүйнөлүк банк Украинага 5 млрд долларга чукул жардам берет

Дүйнөлүк банктын кеңселеринин бири.

Дүйнөлүк банктын PEACE (Public Expenditures for Administrative Capacity Endurance) программасы Украинага дагы 4,8 млрд доллар жардам берүүнү чечти. Мындай маалыматты 22-ноябрда Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Х соцтармагындагы баракчасында жазды.

“Бул согуш маалында Украинанын бюджеттик программаларына олуттуу колдоо болот. Биз Кошмо Штаттарга жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө биздин өлкө менен элибизге маанилүү колдоо көрсөткөн жардам үчүн ыраазылык билдиребиз. Силердин тилектештигиңер биздин туруктуулугубузду жана алдыга жылуудагы чечкиндүүлүгүбүздү бекемдейт”, - деп жазган Денис Шмыгаль.

Уюм ноябрдын башында Украинага 750 млн доллар берген. Киев ал каражатка Украинанын Европа Биримдигине кошулуусу үчүн зарыл болгон реформаларды жасай турганы билдирген.

Германиядагы dpa басылмасы жазгандай, Орусиянын кол салуусунан бери Украина эл аралык өнөктөштөрүнөн бюджетти колдоо үчүн эле 100 млрд доллардан ашуун каражат алган. Анын олуттуу бөлүгү насыя түрүндө берилген.

Дүйнөлүк банктын “Украинадагы административдик потенциалды колдоого мамлекеттик чыгымдар” (PEACE) деп аталган программасы Орусиянын Украинага кол салуусуна карата чукул чараларды көрүүгө багытталган. Анда өкмөттүн негизги функцияларын аткаруу жана кызмат көрсөтүү жөндөмү колдоого алынат. Согуштан улам жарандардын тарткан зыянынын ордун толтурган мамлекеттик чыгымдарга жумшалат. (KbA)

Дагы караңыз

“Көп айдагандар көп төлөсүн”. Айдоочулар бензинге 1 сом кошуп беретӨзбекстанда 30 миң киши “жалаа жабуу” жана “кемсинтүү” үчүн соттолду