Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармаганына дээрлик 10 күн болду. Бул тууралуу адвокаты Айбек Турдуев билдирип, ал суу гана ичип жатканын айтты.
Ал Темирлан Султанбековдун ден соолугун тергөө абагынын медицина кызматкерлери утур-утур текшерип жатканын, дарыгерлер акыркы жолу караганда дене табы 36 градуска түшүп кеткенин айтышканын кабарлады.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.
Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрдан бери ачкачылык кармап жатат.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)
Дагы караңыз
Орусияда кыргызстандык жаран терроризмге айыпталып соттолдуТажикстанда Ага Хан фонду каржылаган компаниянын жетекчиси 12 жылга соттолду"Асыл-Таш" пансионаты мамлекетке кайтарылдыПутин Украинага каршы орто аралыкка атуучу курал колдонулганын айттыКазакстан Украина боюнча соңку окуялардан улам чукул коопсуздук чараларын көрүүдөУКМК мурдагы элчи Аманбаев 250 миң доллар пара алган делген маалымат такталбаганын билдирдиБайсалов мамлекеттик медианы өкмөттүк түзүмдөр мокотконун айттыВетеринардык кызматтын башчысы коррупцияга шектелип кармалганы кабарланды