22-ноябрь: Канатбек Исаев 4-декабрга чейин камалды, АКШ "Газпромбанкка" санкция салды

22-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы, экс-депутат Канатбек Исаев кайрадан кармалды

22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчыны УКМКнын тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен кине тагылганы белгилүү болду. Саясатчы журналисттерге коюлган айыпка макул эмес экенин айтты. Исаевди УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 20-ноябрда кармаганы 22-ноябрда белгилүү болду. Атайын кызмат саясатчыга козголгон иш тууралуу маалымат бере элек.

УКМК мурдагы элчи Аманбаев 250 миң доллар пара алган делген маалымат такталбаганын билдирди

Атайын кызмат Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бактыбек Аманбаев “атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына жамынып 250 миң доллар пара алган” деген маалымат такталбаганын билдирди. УКМКнын басма сөз кызматы мурдагы элчиге Б.А. аттуу адамдын арызынын негизинде кылмыш иши козголгонун, арыз жазган адам Бактыбек Аманбаев анын камактагы тууганынын маселесин Камчыбек Ташиев аркылуу оң жагына чечип берүү убадасын берип, каражат талап кылганын айткан. Тергөөдө Б.А. аттуу адамдын камактагы тууганы менен Бактыбек Аманбаевдин ортосунда карыздык милдеттенмелер бар экени такталганы, Бактыбек Аманбаев арыз жазган адамга 250 миң доллар карызын кайтарып бергени айтылды. Ташиев 20-ноябрда айрым медиа каражаттарынын журналисттери үчүн уюштурган маалымат жыйында бир чоң мамлекетте элчи болгон адам өзүнүн атын сатып, 250 миң доллар пара алып койгонун, аны камоого буйрук бергенин айткан.

Социалдык тармакта жазган пикири үчүн дагы бир жаран камалды

Орусияда иштеген Турду Акматалиев Красноярск шаарынан кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алып келинген. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасы 31-октябрда каралып, 30-ноябрга чейин камакка алынганын тастыктады. Анын жакындарынын айтуусунда, аны Орусиянын күч түзүмдөрү Красноярск шаарынан быйыл 22-мартта кармаган. 28-октябрда Кыргызстанга алып келинген. Сурак учурунда тергөөчүлөр Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалганын айткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327- ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") беренеси менен айып тагылган. Жакындарынын айтымында, 63 жаштагы Турду Акматалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгон. Ал 2017-жылдан бери Орусияда курулуш тармагында эмгектенип жүргөн.

Украинада орус армиясынын дрон соккусунан эки кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик билдирди

Өлкөнүн түндүк-чыгышында, Орусия менен чектеш тилкеде жайгашкан Сумы облусунда бир нече жолу катуу жарылуу болду. Сумы шаарынын мэри Артем Кобзардын айтымында, каза болгон эки кишиден тышкары 12 киши ар кандай жараат алды, жеринде куткаруучулар, дарыгерлер иштеп жатышат. Ал дрон соккусу уланып жатканын белгилеп, жергиликтүү тургундарды коопсуз жерлерге бара турууга чакырды. Сокку Shahed учкучсуз учактары менен шаардагы кичи райондордун бирине урулганы маалымдалды. Мындан тышкары, Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, орус аскерлери согуштук дрон менен Киев, Чернигов жана Житомир облустарын бутага алды.Ал эми Орусия бүгүн украиндер учурган 23 дронду атып түшүргөнүн кабарлады. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, жумага караган түнү учкучсуз учак чабуулуна Брянск, Калуга жана Курск облустары кабылды. Кыйроолор, жабыркагандар бар же жогу тууралуу маалымат бериле элек.

Казакстан Украинага байланыштуу соңку кырдаалды эскалация деп мүнөздөп, ички коопсуздук чараларын күчөтүүнү чечти

Казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали 22-ноябрда жарыялаган маалыматында мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев премьер-министрге, президенттик администрациянын башчысына, бардык күч мекемелеринин жетекчилерине жана акимдерге "Украинанын айланасындагы кырдаалдын эскалациясына байланыштуу негизги аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чукул чара көрүү" тапшырмасын бергени айтылды. Казакстан Орусиянын Украинага каршы 2022-жылы февралда ачкан согушун айыптаган да, колдогон да эмес. Орусиянын Украинанын айрым тилкелерин аннексиялап алышын тааныган жок. Расмий Астана бул маселелерде нейтралитет позициясын карманат. Бирок быйыл сентябрь айында Германия канцлери Олаф Шольц менен жолугушууда Токаев Орусия аскердик жактан алып караганда жеңилгис өлкө экенин айткан, кийин бул тезисин дагы бир жолу кайталаган. 27-ноябрда орус президенти Владимир Путин Астанага мамлекеттик сапар менен барганы жатат.

АКШ "Газпромбанкка" жана анын чет жактагы алты компаниясына санкция салды

Кошмо Штаттардын Каржы министрлигине караштуу Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын 21-ноябрдагы билдирүүсүндө Орусия аны Украинага каршы согушу үчүн курал-жарак сатып алууга, орусиялык аскерлерге маянасын которууга колдонуп жатканы айтылды. Жалпысынан бул жолу санкциялык тизмеге орусиялык 50 банк, баалуу кагаздар менен иштеген 40 регистратор жана каржы маселелерине жооптуу 15 кызматкер кирди. Орусиянын энергетикалык экспортунда маанилүү роль ойногон "Газпромбанк" АКШнын санкциясына илине элек жалгыз ири кредитор болчу. Вашингтон эгер мындай чектөө киргизсе энергия экспорту үзгүлтүккө учурайт деп кооптонуп келген. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер бул чечим АКШнын Орусиянын Украинага каршы согушу үчүн эл аралык каржы системасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектөө боюнча милдеттенмесин ырастай турганын белгиледи.

Иран МАГАТЭ резолюциясына жооп катары жаңы чечимин жарыялады

БУУнун Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гроссинин Иранга сапарынан кийин кабыл алган резолюциясында Тегеран "өзүнүн юридикалык милдеттенмелерин аткаруу үчүн тез арада аракет көрүшү зарылдыгы" тууралуу жазганы кабарланган. Иран бийлигин сындаган резолюция быйыл июнь айында да кабыл алынган. АКШда шайлоодо Дональд Трамп жеңгени Ирандын өзөктүк программасы боюнча дипломатиялык мүмкүнчүлүктөр азайышы ыктымал деген кооптонуу жаралып жаткан чакта МАГАТЭ башчысы Тегеранга 13-ноябрда барып, бир катар жолугушуларды өткөргөн жана программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө "конкреттүү, сезилерлик жана көрүнөлүк жыйынтыкка" жетишүүгө чакырган. МАГАТЭ 21-ноябрдагы резолюциясында Иранды өзөктүк эмес деп жарыялаган эки объектисинде урандын изи табылган окуяга байланыштуу жүрүп жаткан иликтөө менен кызматташууга чакырды.

Тажикстанда Ага Хан фонду каржылаган компаниянын жетекчиси 12 жылга соттолду

Тажикстанда эки жыл мурдагы өкмөткө каршы нааразылыкка байланыштуу камалган активист Амран Мусифшоевдин апасы да соттолду. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазды. Тоолуу Бадакшан аймагынын соту чакан насыя берүүчү "Рушди Памир" уюмунун башчысы Рухшод Ашурбекованы "акчаны жымырып алган жана короткон" деген айыптын негизинде 12 жылга эркинен ажыратты. Уюмдун эсепчиси жана дагы бир кызматкери 10 жана 11 жылга кесилди. Расмий органдар иштин жоо-жайы боюнча маалымат берген жок. "Рушди Памир" - Ага Хан фондунун каржылык жардамы менен иштеген уюм. Уюм айыл чарба жана экономикалык башка тармактарды өнүктүрүү менен алектенгендерге насыя берет. 58 жаштагы Ашурбекова бул чакан насыя компаниясын 2011-жылдан бери башкарды.