Казакстан Украинага байланыштуу соңку кырдаалды эскалация деп мүнөздөп, ички коопсуздук чараларын күчөтүүнү чечти. Казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали 22-ноябрда жарыялаган маалыматында мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев премьер-министрге, президенттик администрациянын башчысына, бардык күч мекемелеринин жетекчилерине жана акимдерге "Украинанын айланасындагы кырдаалдын эскалациясына байланыштуу негизги аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чукул чара көрүү" тапшырмасын бергени айтылды.
"Парламент палаталарынын төрагалары көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кабардар кылынды. Өлкөдөгү абал президенттин жеке көзөмөлүндө. Биздин мамлекет үчүн негизги стратегиялык максат – туруктуулукту, тынчтыкты, мыйзам жана тартип үстөмдүгүн сактоо", - деген Берик Уали Казакстан эки славян элинин ортосундагы согушту токтотуу маселесин чечүү керектигин бир нече жолу айтканын кошумчалады.
Казакстан Орусиянын Украинага каршы 2022-жылы февралда ачкан согушун айыптаган да, колдогон да эмес. Орусиянын Украинанын айрым аймактарын аннексиялап алышын тааныган жок. Расмий Астана бул маселелерде нейтралитет позициясын карманат. Бирок быйыл сентябрь айында Германия канцлери Олаф Шольц менен жолугушууда Токаев Орусия аскердик жактан алып караганда жеңилгис өлкө экенин айткан, кийин бул тезисин дагы бир жолу кайталаган.
27-ноябрда орус президенти Владимир Путин Астанага мамлекеттик сапар менен барганы жатат. Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу бул сапарды "көп пландуу өнөктүктү илгерилетүү үчүн чоң мааниге ээ" деп атады.
Орусия президенти Путин орус аскерлери Украинанын аймагына орто радиустагы баллистикалык, өзөктүк эмес жаңы ракета менен атканын 21-ноябрда билдирди жана муну украин тарап Орусиянын аймагын Батыш берген алыска атуучу курал менен бутага алганы үчүн жооп деп атады.
Украин президенти Владимир Зеленский бул соккуну Путиндин соңку кездеги кырдаалдын курчушуна алып келүүчү экинчи кадамы деп атады. Биринчи кадамы Түндүк Кореянын аскерлерин согушка салып жатканы болгонун белгилеген Зеленский Путиндин жаңы ракета тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу "согуштун масштабын жана ырайымсыздыгын ачык жана олуттуу түрдө күчөтүү" жүрүп, Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставын абийирсиздик менен бузуп жатканын белгиледи.
Украина Орусиянын агрессиясын токтотууга көмөктөшүүнү өнөктөштөрүнөн да, бардык өлкөлөрдөн да суранып келе жатат. (RK)
Дагы караңыз
УКМК мурдагы элчи Аманбаев 250 миң доллар пара алган делген маалымат такталбаганын билдирдиБайсалов мамлекеттик медианы өкмөттүк түзүмдөр мокотконун айттыВетеринардык кызматтын башчысы коррупцияга шектелип кармалганы кабарландыНоокаттын жолун сындаган ютубердин камактагы мөөнөтү узартылды