Байсалов мамлекеттик медианы өкмөттүк түзүмдөр мокотконун айтты

Улуттук телерадио корпорациясына тиешелүү медиалардын эн белгилери. (архив)

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Кыргыз Туусу” гезитинин түзүлгөнүн 100 жылдыгына арналган медиа форумдун жүрүшүндө мамлекеттик медианын ишин өкмөттүк мекемелер аксатканын белгиледи. Ал эгемендик жылдары мамлекеттик медиалардын ролун өкмөттүк мекемелер төмөндөтүп, анда иштеген журналисттердин мокотконун айтты.

“Бир адамдын сүрөтүн басабыз, өкмөттүк органдардын гана пресс-релизин жарыялайбыз деп жатып мамлекеттик маалымат каражаттардын ролун төмөндөтүп алдык. Мен бул үчүн анда иштеген журналисттерден кечирим сурайм. Мындан соң мындай мамилени өзгөртүүгө аракет кылышыбыз керек”, - деди Байсалов.

Вице-премьер буга чейинки аймактардагы гезиттерди жабуу чечими туура эмес болгонун белгилеп, аз нуска менен чыкса да, гезиттер калышы керектигин кошумчалады.

22-ноябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына арналган медиа форум өтүп жатат.

Иш-чарада “Эркин Тоо” гезитинин түптөлүшүн чагылдырган видеоролик көрсөтүлүп, “Кыргыз журналистикасынын тарыхына сереп салуу” аттуу сүрөт көргөзмө тартууланды.(ZKo)

Дагы караңыз

УКМК мурдагы элчи Аманбаев 250 миң доллар пара алган делген маалымат такталбаганын билдирдиВетеринардык кызматтын башчысы коррупцияга шектелип кармалганы кабарландыНоокаттын жолун сындаган ютубердин камактагы мөөнөтү узартылды«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Курмашевага сөз эркиндиги боюнча эл аралык сыйлык тапшырылдыОрусияда кыргызстандык жаран терроризмге айыпталып соттолду