УКМК мурдагы элчи Аманбаев 250 миң доллар пара алган делген маалымат такталбаганын билдирди

Бакыт Аманбаев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бактыбек Аманбаев “атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына жамынып 250 миң доллар пара алган” деген маалымат такталбаганын билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы 22-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, мурдагы элчиге Б.А. аттуу адамдын арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Арыз жазган адам Бактыбек Аманбаев анын камактагы тууганынын маселесин Камчыбек Ташиев аркылуу оң жагына чечип берүү убадасын берип, каражат талап кылганын айткан.

Тергөөдө Б.А. аттуу адамдын камактагы тууганы менен Бактыбек Аманбаевдин ортосунда карыздык милдеттенмелер бар экени такталганы, Бактыбек Аманбаев арыз жазган адамга 250 миң доллар карызын кайтарып бергени айтылды.

Б.А. Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчисине тосмо арыз жазган. УКМК Бактыбек Аманбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок экенин кошумчалады.

УКМК арыз жазган Б.А. боюнча атайылап жалган маалымат берүү фактысы менен материалдар бөлүнүп алып текшерилип жатканын, жыйынтыгында анын аракетине юридикалык баа берилерин кабарлады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда айрым медиа каражаттарынын журналисттери үчүн уюштурган маалымат жыйында “Бир чоң саясатчы, кечээ эле бир чоң мамлекетте элчи болгон адам менин атымды сатып, 250 миң доллар пара алып койгон экен. Мен бүгүн эртең менен аны камоого тапшырма бердим. Анын үстүнөн арыз, акчаны кантип алганын көрсөткөн материалдар, сүрөттөр келип түштү. Андыктан аны камакка алабыз. Ал бир кезде менин партиямда, мени менен жүрчү. Мен эч кимди аябайм. Ким болбосун”, - деген.

Бактыбек Аманбаев 2021-жылы Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына дайындалып, 2024-жылдын октябрь айында жумуштан алынган. Ал акыркы окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Курмашевага сөз эркиндиги боюнча эл аралык сыйлык тапшырылдыЗеленский Орусия коркуп жатканын, кырдаалды курчутуучу дагы бир кадам жасаганын айттыПрезидент прокуратура коррупцияга каршы күрөштү күчөтүшү керектигин айттыИран МАГАТЭ резолюциясына жооп катары жаңы чечимин жарыяладыОрусияда кыргызстандык жаран терроризмге айыпталып соттолдуЖогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев кармалдыУкраинада дрон соккусунан эки киши каза болду, 12 киши жараат алды