«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Курмашевага сөз эркиндиги боюнча эл аралык сыйлык тапшырылды

Алсу Курмашева сыйлык тапшыруу аземинде.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашевага “Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюмунун сөз эркиндиги боюнча эл аралык сыйлыгы тапшырылды. Салтанат 21-ноябрда Нью-Йоркто өттү.

Өз сөзүндө Курмашева аталган уюмга анын эркиндикке чыгышына кошкон салымы үчүн рахматын айтып, бул сыйлык аныкы гана эмес, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азыркы тапта түрмөдө отурган кабарчыларыныкы да экенин белгилеп, Беларустагы Игорь Лосик менен Андрей Кузнечикти, Крымдагы Владислав Есипенкону жана Азербайжандагы Фарид Мехрализадени атады.

"Түрмөдөгү журналисттер жөн гана статистика эмес, алар мен сыяктуу эле үйүндө балдары, үй-бүлөсү күткөн катардагы адамдар, алар боштондукка чыгарылышы керек", — деген Курмашева Орусиянын абактарында бүгүнкү күндө 20дан ашуун журналист камакта отурганын белгиледи.

Курмашева Орусияда абакта 288 күн өткөрдү. Быйыл июль айында Орусия Федерациясынын курамындагы Татарстандын Жогорку соту аны "орус аскерлери жөнүндө жалган маалымат таратууга" айыптуу деп таап, 6,5 жылга кескен. "Мемориал" укук коргоо долбоору Курмашеваны саясий туткун деп жарыялаган. "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму ал адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин журналистти тез арада бошотууга чакырган. Курмашева ага тагылган айыптарды четке каккан, быйыл 1-августта АКШ жана Орусия ортосунда камактагыларды айырбаштоо жараяны боюнча боштондукка чыккан. Орусия Украинадагы согушун айыптагандарды "орус аскерлерин жаманатты кылды, фейк маалымат таратты" деп соттоодо.

CPJ сыйлыгын бүгүн Газа секторунда иштеген палестин журналисти, продюсер жана изилдөөчү Шрук Ал Айла, гватемалалык журналист, тарыхчы жана дарыгер Кими де Леон жана Нигердеги белгилүү иликтөөчү журналист, репортаждары үчүн бир нече жолу кармалып, соттолгон Самира Сабу да алышты. (RK)

Дагы караңыз

Зеленский Орусия коркуп жатканын, кырдаалды курчутуучу дагы бир кадам жасаганын айтты"Бул абсурд". Канатбек Исаев уюшкан кылмыш тобун түзгөнбү?Президент прокуратура коррупцияга каршы күрөштү күчөтүшү керектигин айттыИран МАГАТЭ резолюциясына жооп катары жаңы чечимин жарыялады