Зеленский Орусия коркуп жатканын, кырдаалды курчутуучу дагы бир кадам жасаганын айтты

Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия орто радиустагы баллистикалык жаңы ракетасын Украинага каршы колдонгонун орус президенти Владимир Путиндин соңку кездеги кырдаалдын курчушуна алып келүүчү экинчи кадамы деп атады.

Биринчи кадамы Түндүк Кореянын аскерлерин согушка салып жатканы болгонун белгилеген Зеленский Путиндин жаңы ракета тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу "согуштун масштабын жана ырайымсыздыгын ачык жана олуттуу түрдө күчөтүү" жүрүп, Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставын абийирсиздик менен бузуп жатканын айтты.

21-ноябрдагы кезектеги видео кайрылуусунда украин президенти Орусия коркуп жатканын билдирди:

"Ушунчалык коркконунан жаңы ракета колдоно баштады. Көбүрөөк курал-жарак издеп адегенде Иранга, кийин Түндүк Кореяга кайрылды. Эми жаңы ракета. Путин Украинаны машыгуу полигону катары колдонуп жатат. Жанындагылар тынч, татыктуу жана эркин жашап жатышы анын үрөйүн учурууда. Ал коңшусун колдон чыгарып албаш үчүн бардык аракетин көрүүдө", - деди Зеленский.

Орусия Украина аймагына орто аралыкка атылуучу өзөктүк эмес баллистикалык ракета менен сокку урганын орус президенти Владимир Путин 21-ноябрда жарыялаган.

"Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын коргонуу-өнөр жай комплексине караштуу объектилердин бирине куралдын бир нече түрү менен сокку урушту. Күжүрмөн шартта орусиялык орто аралыкка атуучу эң жаңы ракеталык системалардын бири да сыноодон өткөрүлдү, анда өзөктүк эмес, өтө катуу ылдамдыктагы баллистикалык ракета колдонулду", - деди ал.

Путин Украинанын Днепропетровск шаарынын аймагындагы эң ири жана Советтер Союзунан бери белгилүү болгон, азыркы кезде ракеталык техника жана башка курал-жарак өндүрүлүп жаткан өнөр жай комплекстеринин бирине сокку урулганын айтты. Украина 19-ноябрда америкалык ATACMS ыкчам-тактикалык ракеталарынын алтоо менен, 21-ноябрда британиялык Storm Shadow жана америкалык HIMARS системалары менен Орусиянын Украина менен чек арасындагы Брянск жана Курск облустарындагы аскердик объектилерге ракеталык сокку урганын билдирген Путин абадан коргонуу системалары бул чабуулдардын мизин кайтарганын кошумчалады.

Киев Москва континент аралык баллистикалык ракета менен сокку урган болушу ыктымал экенин 21-ноябрда эртең менен билдирген. Орус аскерлери Украинанын түштүк-чыгышындагы маанилүү өнөр жай аймагы Днепропетровск облусуна, анын борбор калаасы Днепрге чабуул койгонун, баллистикалык ракетадан тышкары Х-47М2 "Кинжал" ракетасын, ошондой эле Х-101 канаттуу ракеталарынан жетини учурганын кабарлаган. Днепропетровск облусунун башчысы Сергей Лысак Орусиянын эң оор соккусу бул күнү ушул облуска туш келгенин, бир нече өнөр жай объектиси талкаланып, эки жерде өрт чыкканын айткан. (RK)

Дагы караңыз

Орусияда кыргызстандык жаран терроризмге айыпталып соттолдуБишкекте гараждын жерин бошотууда чыккан чыр боюнча иш козголдуИран МАГАТЭ резолюциясына жооп катары жаңы чечимин жарыяладыПрезидент прокуратура коррупцияга каршы күрөштү күчөтүшү керектигин айтты