Сузак: Аял депутаттар кыз-келиндин укугун коргойт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад облусунун Сузак айыл аймагында айылдык кенешке келчү 31 депутаттын 12 мандаты аялдарга берилет. Шайлоого 20дан ашуун аял талапкер катышты. Өзгөчө бул жолу шайлоого өзбек улутундагы аялдардын жигердүү катышканы жергиликтүүлөр үчүн чоң жаңылык болууда. Үйдө бала карап, талаада кетмен көтөргөн кыз-келиндердин укугун коргоп, билимге умтулган жаштарга дем берген депутат аялдар тууралуу айтып беребиз.