-
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Кыргыз журналистикасына 100 жыл, кыргыз улуттук билим берүүсүнө 100 жыл, дагы бир тармакка 90 жыл... Жүздөн ары ашалбай, тарыхый процесстин логикасына дегеле шайкеш келбеген аныктамалар медиа мейкиндикте арбын, кээде расмий форумдардагы сөздөрдө да кездешет, тилекке каршы. Ар бир аныктама юридикалык күчкө жана саясий, коомдук, экономикалык, маданий, менталдык ж.б. мааниге ээ. Кечээ жакынга дейре кыргыз мамлекети 1924-жылы калыптанган деп келгенбиз. Маселен, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү катары эсептешет.
“1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү менен кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү башталган” деген сыяктуу калпыс, натуура аныктамалар “чыныгы тарых Улуу Октябрь революциясынан кийин башталды, СССРдин элдерине, анын ичинде кыргызда” деген советтик тарыхнаамадан мураска калган, насили жаңылыш, натуура дефиниция, коммунисттик идеологиянын эски күүсү. Тарыхый логикага ылайык, укуктук, саясий адилеттик үчүн XX кылымдын башында окуяларды мамлекеттүүлүктүн жаңы доордо, жаңы формада калыбына келиши деп эсептөө кажет экенин мындан жети жыл мурда медиа мейкиндикте алгач айтылган, буга аргументтер улам кийинки макалаларда бекемделип келген. Эми гана 100 жыл мурунку окуяларды азыркы кыргыз мамлекетинин калыптанышы, кыргыз мамлекетинин жаңы доордо жаңы формада калыбына келиши деген тарыхый, саясий, укуктук жактан калетсиз бул дефинициялар биринчи ирет расмий документтерде колдонула баштады.
Быйылкы маараке тууралуу өлкө башчысы С.Жапаровдун жарлыгында “жаңы кыргыз мамлекети”, “кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышы” деген аныктамаларды колдонду.
“Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыкка кол койдум. Басып өткөн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын түптөлүшүнүн оңойго турбаганын кийинки муун сөзсүз билиши зарыл”? – деген эле президент Жапаров былтыр 7-ноябрда.
Ушул дефиниция “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” президенттин быйылкы жарлыгында экинчи ирет кайталанды.
Кыргыз журналистикасына, билим берүүсүнө 100 жыл деген сыяктуу түшүнүктөр да ошол эски күүнүн алигиче жаңырган кайрыктары болушу ыктымал. Туура, кайсы бир мамлекеттик органдын, министрликтин, мекеменин, уюмдун, гезиттин 100, 90 жылдыгы десек жарашат. Асты социалдык-экономикалык тармактын, маданий-интеллектуалдык ишмердүүлүктүн, бүтүндөй коомдук институттун тарыхын 1924-жылга алып барып такоо - бери дегенде калпыстык, ары дегенде тарыхый адилетсиздик го деп эсептейм. Туура, “Эркин-Тоо” гезитине 100 жыл толду. Кыргыз улуттук басма сөзүнүн, расмий басылманын бир кылымдык мааракеси. Арийне, кыргыз журналистикасына 100 жыл деш жаңылыш аныктама сыяктанат.
Фактыларга кайрылалы. Арабаев Ишеналы 1912-жылы чыккан “Айкап” гезитинин №1 санында “Оренбургдан Ташкентке чейин” очерки, 1917-жылдын 17-июнундагы № 236 санында жарыяланган “Бечара кыргыз бооруңарды унутпагыла!” деген макаласы элге дайын. Түркстан Республикасынын БАК менен партиянын борбордук комитетинин органы болгон жана 1920-жылдын 7-декабрынан 1926-жылга чейин чыгып келген “Ак жол” гезитинин 1921-жылы чыккан № 10 санында “Кыргыз шакирттери” деген макаласы жарыяланган. “Ак жол” китебинин 1-томунун баш сөзүндө эки томдук материалдарда гезитке 1920-1921-жылдардагы жарыяланган материалдар топтолгону, анда Магжан менен Бернияздын ырлары, Жансүгүр уулу менен кыргыз илимпозу Арабай уулунун макалаларына күбө болобуз деп жазылаган.
2010-жылдары Арабаев “Галия” медресесинде билим алган жылдары, окуу жайдын кол жазма гезит-журналдарына макалаларын чыгарып турганы белгилүү. Түркстан КП БКнын органы болгон “Шолпан” кыргыз-казак журналына үзбөй макала жазып келген . Ал 1913-1918-жылдары чыгып турган, Ахмет Байтурсун уюштурган “Казак” гезитине “Кыргыз” деген каймана ат менен макалаларын жарыяланган.
Андан ары карасак, Арабаев жалгыз публицист же баяндамачы эмес экенине күбө болобуз. Мисалы, “Ак жол” гезитине Казак-кыргыз эл агартуу институтунда окуп жатышкан Касым Тыныстанов, Базаркул Данияров, Осмонкул Алиев сыяктуу ишмерлердин макалалары байма-бай жарыяланып келген.
“Эркин-Тоонун” жооптуу редакторлугуна Ташкенттеги Казак-кыргыз эл агартуу институтун 1923-жылы бүтүргөн Осмонкул Алиев, жооптуу катчылыгына Сыдык Карачев дайындалат. С.Карачев ага чейин эле Алма-Ата, Ташкент шаарларында татар жана казак тилдеринде чыгып турган “Көмөк”, “Тилчи” аттуу газеталарга ыр, аңгемелерди үзбөй жазып келген белгилүү акын-жазуучу жана басма иши менен жакшы тааныш болгон.
Калети жок, Кара-Кыргыз автоном облусу уюшулганы алгач чыгарылган улуттук гезит “Эркин-Тоо” кыргыз улуттук журналистикасынын пайдубалы, басма сөзүнүн төл башы. Бирок баары жайдак жерде жана кокус башталган жок. Кыргыз журналисткасынын тарыхы азыркы кыргыз мамлекетин түптөгөн, жаңы доордо жаңы формада кыргыз мамлекетин калыбына келтирген кайран аталардын гезит уюшулганга чейинки ишмердүүлүгү, анын ичинде публицистикалык, журналисттик, басма ишмердүүлүгү менен ажырагыс байланышта.
“Эркин-Тоого” ыры жарыяланган классик акын Аалы Токомбаев “ким биринчи кышын койду экен” дегендей, кыргыз журналистикасынын алгачкы таштары түптөлүп, кышы (насили түрк сөзү) кынала баштаган мезгилди – 1910-1920-жылдарды кыргыз улуттук журналистикасынын тарыхынын башаты дегенибиз туура болчудай. Балким тарыхы андан да ары тереңдейт, аны мезгил көрсөтөт. Ал эми ошол кездеги ушул иштин башында турган инсандарды - улуттук журналистиканын негиздөөчүлөрүнүн эмгектери дагы тереңдеп изилдөөнү, ар тараптуу изденүүнү талап кылат. Кыргыз улуттук журналистикасынын тарыхы 1910-1920-жылдары башталган деген аныктама, албетте, илимий, коомдук дискуссияга муктаж.
Кантсе да, акыры тарыхый жагдайлар аныкталат, жаңы фактылар ачыкталат, улуттук журналистиканын негизделишинин тарыхынын мазмуну байыйт, улуттук төл гезиттин миссиясынын мааниси ого бетер артат.