Путин ядролук куралы менен кайрадан коркутту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү украин армиясы Брянск облусуна Атакамс ракетасы менен алты сокку урганын билдирди. Украин армиясы Карачев шаарынын четиндеги курал-жарак кампасын бутага алганын маалымдап, бирок кандай курал колдонулганын атаган эмес. Ошол эле күнү орус президенти Владимир Путин ядролук сокку уруунун сценарийлери кеңейтилген жаңы доктринага кол койду.