УКМК экс-депутат Эмил Жамгырчиевди суракка чакырды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) менен Бириккен Араб Эмираттарындагы жолугушуусу боюнча УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Атайын кызмат жолугушуунун себеби такталып жатканын кошумчалады. Активист менен мурдагы депутат Дубайда жолугушканын ырастап, бири-бирин айыптаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Эмил Жамгырчиевге сот 13-ноябрда чет жакка чыкканга уруксат бергенин кабарлады. Анын иши сотто каралып жатат.
Абактагы Султанбеков Орунбековго жооп берди
Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбеков добуш сатып алуу боюнча президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун сөздөрүн четке какты. Дайырбек Орунбеков Кыргызстанда бийликчил партияларга мамлекеттик кызматкерлер добуш алууга жардам берген мыйзамсыз иштер тыйылганын, бирок добуш сатып алуу токтобой жатканын жазып, ага Социал-демократтар партиясын мисал кылган. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Жолго төлөнүүчү акча күйүүчү май аркылуу алынат
Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы Жол фонду автоунаалардан жолдо жүргөнү үчүн акча - 1 сомду күйүүчү майдын баасына кошуп алат. Бул жобо “Салыктык эмес кирешелер тууралуу кодекске жана Жол фонду тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү” тууралуу мыйзам долбооруна киргизилген. Аталган документти Жогорку Кеңеш үч окуудан кабыл алды. Транспорт жана байланыш министринин орун басары Бекназар Базаралиевдин депутаттарга берген маалыматына караганда, былтыр Жол фондунун бюджети 4,5 млрд сом болгон. Айрым депутаттар жолго алынуучу акы күйүүчү майдын кымбатташына алып келерин айтып, бул өз кезегинде азык-түлүктөн тартып бардык товардын баасынын көтөрүлүшүнө алып келерин эскертти.
Жапаров окуучунун апасы мугалимди тилдеген окуяны сындады
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги №57 мектепте окуучунун апасы мугалимди урушкан окуя тууралуу комментарий берип, сабак өтүп жатканда аны эч ким үзгүлттүккө учуратпашы керек экенин айтты. “Мындай түркөйлүккө мектепте да, бала-бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол бербешибиз керек”, - деди ал. 6-ноябрда социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп жатканы тартылган видео тараган. Анда окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, “300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап, “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген. Билим берүү жана илим министрлиги окуя Бишкек шаарындагы №57 мектепте болгонун билдирип, “мугалимге ыдык көрсөтүү, анын беделин түшүрүүгө аракет кылуу – жол берилгис көрүнүш” деп маалымат тараткан.
Газада дагы кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылды
Газа секторунда бүгүн 20-ноябрда Израилдин соккусунан дагы кеминде 15 палестин каза болгонун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн бул анклавдын саламаттык сактоо мекемесине таянып Reuters билдирди. Каза тапкандардын арасында куткаруучулар да бар экени, израилдик аскерлер танк менен кирип барып, үйлөрдү аткылаганы маалымдалды.Израил бул жолу Жабалия районун, Газа шаарынын Сабра жана Тал ал-Хава райондорун бутага алганы, уранды астында калгандарды алып чыгып жаткан бир куткаруучунун өмүрү кыйылганы, дагы үчөө жараат алганы кабарланды. Ушуну менен азыркы согуш башталгандан бери Газада 87 куткаруучу мерт болду. Сектордун жарандык коргонуу мекемелери менен катар саламаттык сактоо системасы да жабыркап жатканын, тийиштүү каражаттар, дары-дармек, доктур жетишсиз экенин жергиликтүү бийлик кабарлоодо. Израил азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
Украина жана Орусия ондогон дрон чабуулуна кабылганын билдиришти
Киев жана Москва 20-ноябрга караган түнү жана эртең менен бири-биринин аймагына дрон чабуулу жасалганын билдиришти. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия 122 согуштук дрон жана С-300, Х-59/69 ракеталары менен сокку урду. Дрондордун 56сын атып түшүрүүгө үлгүрүштү. Бутага Киев, Черкасск, Чернигов, Полтава, Кировоград, Житомир, Хмельницкий, Сумы, Николаев, Херсон, Запорожье, Днепропетров, Донецк жана Харьков облустары алынды. Орусиянын Коргоо министрлиги тогуз облусунда жалпысынан 44 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Аймак башчылары мындан тышкары дагы 11 дрон кармалганы тууралуу айтышты. Сокку Новгород, Курск, Орел, Белгород, Тула, Тверь, Брянск, Москва жана Смоленск облустарынын аймагына урулду.
АКШнын Украинадагы элчилиги коопсуздук маселесинен улам 20-ноябрь күнү убактылуу жабык болот
Элчилик Киевдеги кызматкерлерине жана бул шаардагы жалпы америкалык жарандарга кайрылып, эгер абадан коркунуч жаралганы тууралуу эскертүү берилсе дароо коопсуз жерге баруу керектигин эскертти. 20-ноябрда эртең менен Украинанын бир нече аймагында, анын ичинде борбор калаа Киевде орусиялык учкучсуз учактардын чабуулу тууралуу эскертүү берилди.
HRW Германия депортация кылган тажик активисти мекенинде камакка алынганын билдирди
Тажикстандык оппозиционер активист, мекенинде кыйноого кабылышы ыктымал деген кооптонууга карабастан жакында Германиядан депортация кылынган Дилмурод Эргашев эки айга камакка алынганын 20-ноябрда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму билдирди жана Берлинди аны камактан чыгарууга көмөктөшүүгө чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө Германия Тажикстандын бийлигине аны камактан тез арада чыгаруусуна же кармоого негиз болгон мыйзамдуу далилдерин келтирүүсүнө, Эргашевдин укуктарынын корголушун толук камсыздашына таасир этиши керектиги белгиленди. 40 жаштагы Эргашев президент Эмомали Рахмондун башкаруусун кескин сындап жүргөн "Топ 24" оппозициялык кыймылынын эң активдүү мүчөлөрүнүн бири катары белгилүү. 2024-жылы ал "Реформа жана өнүгүү үчүн" кыймылына кошулган.
Ооган жана тажик активисттери эл аралык укук сыйлыктарына татыды
Ооганстандык активист аял Жоля Парси жана азыркы тапта абакта отурган тажикстандык адвокат, активист Манучехр Холикназаров эл аралык Мартин Энналс сыйлыгынын лауреаты аталышты. Бул сыйлыкты адам укуктары боюнча Нобель премиясы деп да атап коюшат. Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты 21-ноябрда Женевада өтөт. Калыстар тобуна Amnesty International, Human Rights Watch сыяктуу абройлуу уюмдардын 10 өкүлү кирген. Канадада жашаган ооган кызы Нила Ибрагими мекениндеги кыздардын укугун коргоого кошкон салымы үчүн балдардын эл аралык Тынчтык сыйлыгына татыды.