Орусия Буча кыргыны тууралуу айткан экс-депутатты сыртынан соттоду

Анастасия Брюханова.

Орусияда чет жакка чыгып кеткен мурдагы муниципалдык депутат аскерлер тууралуу "фейк" маалымат тараткан деген айып менен сыртынан соттолду. 19-ноябрда Москванын Хорошевский райондук сотунун өкүмү менен мурдагы шаардык депутат Анастасия Брюхановага сегиз жылдык абак мөөнөтү чегерилди, социалдык түйүндөргө маалымат жазууга төрт жылга тыюу салынды.

Брюхановага каршы кылмыш иши YouTube каналга чыккан "Бучадагы кылмышты ким жасаган" деген видеосу үчүн ачылган, анда ал The New York Times басылмасынын кабарчыларынын жайкын тургундардын өлтүрүлүшү тууралуу иликтөөсү жөнүндө айткан.

Сот жараянынын жүрүшүндө экс-депутат аталган видеодо Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жогорку комиссарынын, мониторинг миссиясынын баяндамалары колдонулганын билдирген жана саясий куугунтукка кабылып жатканын, коюлган айып Орусиянын Конституциясына каршы келерин белгилеген.

Кылмыш иши 2023-жылдын апрель айында козголгон. Тергөөчүлөр анын жарыялаган видеосунда "жалган маалымат" камтылганын билдиришкен. Ошол эле жылдын июнь айында ага федералдык издөө жарыяланып, бир айдан кийин камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарылган. Брюханова Москва Думасында "Яблоко" партиясынан депутат болгон. 2021-жылы Мамлекеттик Думага шайлоого катышып, алдыда келе жаткан, бирок добуштар саналып бүткөндөн кийин мандат "Справедливая Россия" партиясынын талапкерине берилген.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкан. Ошондон кийин мындай кол салууну айыптап чыккандардын баарын "орус аскерлерин жаманатты кылды", "фейк маалымат таратты" деген айып менен камакка алууда. (RK)

Дагы караңыз

Босния жана Герцеговина: Молдовага каршы иштеген орус жараны кармалдыУкраина: Орусиянын агрессиясы, миң күндөн бери токтобогон соккулар Украина Орусиянын аймагына алгачкы жолу ATACMS менен атканы кабарланды "Жаңы Кыргызстан" партиясынын башына "бак" кантип конду?