Путин Орусиянын жаңыланган өзөктүк доктринасын бекитти

Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин19-ноябрда өлкөнүн өзөктүк доктринасын жаңылоо жана кеңейтүү тууралуу жарлыкка кол койду. Анда өзөктүк курал эгер "аскердик-космостук кол салуу каражаты жапырт старт алганы тууралуу так маалымат" болсо жана эгер ал Орусиянын чек арасынан өтө турган болсо, колдонулушу ыктымал экени белгиленди.

Өзөктүк куралы жок кайсы бир өлкө ошондой куралы бар башка өлкөнүн катышуусу же жардамы менен Орусияга каршы агрессия көрсөтө турган болсо, орус бийлиги муну "алардын биргелешкен кол салуусу" катары карай турганы айтылды. Бирок куралдын мындай түрү ошондой учур жаралса, дароо колдонулабы же жокпу, так жазылган жок.

Орусия мындай кадамын АКШ президенти Жо Байден Украинага америкалык курал менен орус аймагына атууга уруксат бергени кабарланып жаткан чакта жасады.

Байден Украинага АКШ берген алыскы аралыкка атуучу тактикалык ракеталык комплексин (ATACMS) колдонууга уруксат бергени 17-ноябрда кабарлана баштаган. Азырынча бул боюнча расмий маалымат бериле элек. ATACMS атуу радиусу 300 чакырымды түзөт.

Орусия өзүнүн өзөктүк доктринасын кайра карап чыгары быйыл 25-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында жарыялаган. Ошол учурда Украинага Орусиянын алыскы аймактарына сокку урууга уруксат берүү маселеси талкууланып жаткан. (RK)

Дагы караңыз

Бишкекте "Кан тапшырып, өмүр тартуула" акциясы өтөтШайлоо бүттү, жергиликтүү кеңештер эмнени чечет?Журналист Адыл Акжол уулунун соту 9-декабрга жылдыАбхазия лидери Бжания оппозиция менен соодалашууда