Грузия: Оппозициялык саясатчы БШКнын төрагасына сыя чачты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Грузияда парламенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын койгон каршылык акциясы уланууда. 18-ноябрга караган түндү борбор калаа Тбилисиде митингчилер чатыр тигип, от жагып өткөрүштү. Буга чейин талаштуу шайлоонун жыйынтыгын бекитүү маселеси каралып жаткан маалда БШКнын төрагасы Георгий Каландаришвилиге оппозициялык “Биримдик – Улуттук кыймыл” партиясынын өкүлү Давид Киртадзе сыя чачып жиберген. 26-октябрдагы парламенттик шайлоодо Орусияга ыктайт делген олигарх Бидзина Иванишвилинин бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы жеңгени расмий жарыяланган.