Азербайжандын борбору Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу конференциясы (COP29) уланууда. 18-ноябрда өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн таза энергияга болгон муктаждыгына жана ошондой эле аба ырайы боюнча түзүлгөн чукул кырдаалдарга туруштук берүүсүнө көбүрөөк каражат жумшай ала тургандай келишимге жетишүүсүн тездетүү зарылдыгы айтылды.
БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу конвенциясынын аткаруучу катчысы Саймон Стилл бардык өлкөлөрдү "театр сымал аракеттерден баш тартып, реалдуу иштерди жасоого" чакырды.
"Биз тараптар алдыга карай кадамын бирдей жасоого, жалпы позицияга жакындатууга даяр болгондо гана ишибизди аткара алабыз", - деди Стилл.
Саммитке дүйнө өлкөлөрүнүн климат жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлери катышууда.
Анда өнүгүп келаткан өлкөлөр күйүүчү майды колдонуудан баш тартып, климат өзгөрүп жаткан шартка ылайыкташып, табигый кырсыктан кийин дуушар болгон чыгымынын ордун толтуруп ала тургандай көлөмдөгү "климаттык акчага" көбүрөөк жетишүүсү тууралуу маселе каралууда.
Буга канча каражат керектиги боюнча пикир ар башка. Өнүккөн өлкөлөрдүн айрымдары "климаттык акча фондун" топтоодо Перс булуңундагы мунайга бай мамлекеттер жана Кытай чыгымдын кайсы бир бөлүгүн өзүнө алышы керектигин айтып жатышат.
Айрым эксперттердин пикиринде, 1 триллион доллардан кем эмес каражат зарыл. (RK)
Дагы караңыз
Социал-демократтардын тизгини колуна тийген Темирлан Султанбеков деген ким? "Көп ырлары сакталбай калды". Обончу Калмурат Рыскуловду эскерүү "Булардын жазганы кийин түккө турбайт". Элебаев сындаган ырларАт-Башыдагы козголоң: “Качкан элди артынан кууп кырган”