Жергиликтүү шайлоо тууралуу толук маалымат менен ушул жерден таанышсаңыз болот.
Өзгөчө “Жаңы Кыргызстан” менен “Жаңы күч” ири шаарларда алдына эч кимди чыгарган жок. Бул партиялар бийликчил катары сыпатталып келет. Бул жергиликтүү шайлоо жараяны "Социал-демократтардын" жарыштан четтеши, анын лидери Темирлан Султанбековдун камалышы менен да коштолду.
Бишкек: "Жаңы күч" жана "баарына каршы"
Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелеринен 100% маалымат келип түшүп, баштапкы жыйынтык боюнча биринчи келген “Жаңы күч” партиясы 36 095 (29,37) добуш алды. Андан кийин эле келген Салымбековдордун “Эмгегине” 26 938 жаран, же болбосо шайлоочулардын 21% добуш берди.
Борбор калаадагы үчтүктү 18 556 (15,10%) добушу менен “Адилет” партиясы жыйынтыктайт. Төртүнчү болуп келген “Ынтымак” партиясына 17 236 шаар тургуну добуш берген. Акыркылардын болуп босого чектен өткөн “Эл үмүтү” 13 588 (10,06%) добуш алган.
Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык мандаттар дал ушул партиялардын арасында бөлүнөт. Ал эми “Улуу Журт” партиясы 1 645 добуш алып, шаардык кеңешке өтпөй калды.
Бишкек шаарындагы шайлоодо белгилей кетүүчү дагы эки жагдай бар. Биринчиси - бардык талапкерге каршы болгон жарандар, экинчиси - жарандардын шайлоого болгон көңүл кош мамилеси.
Борбор калаада добуш бергендердин 7,17% же болбосо 8812 жаран “баарына каршы” деп добуш берген.
Эгерде баштапкы жыйыктарды карай турган болсок, анда шайлоо өткөн 33 кеңештин биринде да Бишкектегидей "баарына каршы" добуш бергендер болгон жок.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков талапкерлерге каршылыгын билдирген 8 миңден ашуун добуш боюнча буларды айтты.
"Негизи "баарына каршы" 2021-жылы жетээр чегине жетип, Жогорку Кеңештеги шайлоодо бир мандаттуу округду "жеңип кеткен". Ошондогу, бүгүнкү "баарына каршы болуу" шаардыктардын протестик маанайы деп айтса болот. Бул көрүнүшкө бир чети сүйүнүп жатам. Анткени Бишкектин бир бөлүгү шаардык кеңешке олигархтардын, ууру, коррупционерлердин балдарынын келишине каршы экен. Мен буга ушундай аныктама берет элем",
2021-жылы Бишкектин Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, анда “баарына каршы” добуш бергендер көп болгон.
Бул шайлоого 4 млн. 135 миң 039 шайлоочу катталган болсо, алардын 1 млн. 150 миң 931 гана добуш берүүгө келди. Бул жалпы шайлоочулардын 27 гана пайызы. Негизи соңку үч-төрт жылдан бери жарандардын шайлоого катышуусу аябай солгун болуп келет.
Адистер муну элдин шайлоого болгон ишеничинин төмөндүгү жана депутаттардын укугу абдан чектелгени менен байланыштырат. Ошол эле учурда бул көрүнүшкө мурдагыдай добуш сатып алуу, элди ташып келүү фактылары азайганы себеп болгонун айтышат.
Шайлоонун алдында бийлик, БШК билдирүү жасап, ар кандай акциялар менен жарандарды шайлоого кызыктурууга аракет кылып келди. Мисалы, добуш берүү жүргөн 17-ноябрда президент Садыр Жапаров шайлоочуларды активдүү добуш берүүгө үндөдү:
“Азыр дагы кайрыла элем. Кечки саат сегизге чейин шайлоо болот. Базарда жүргөндөр, үйүнө кетип бараткандар шайлоого катышы керек. 18 жаштан баштап 100 жашка чейинки ар бир кыргызстандык шайлоого катышууга милдеттүү. Ал өзү үчүн катышышы керек. Анткени ошол шайланган кандидат же партия беш жыл боюн шайлоочулардын тагдырып чечет. Ушуга көбү маани бербейт. Ошон үчүн "активдүү келип катышкыла" деп кайрылып жатам", - деди президент.
Социал-демократтар: лидери камалып, бюллетенден чийилди
Бишкек шаардык кеңешине боло турган шайлоого үч күн калганда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер кармалып, райондук соттун чечими менен камакка алынган. Милиция аларды "добуш сатып алууга" айыптап жатат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен байланыштуу партия бул окуяларды саясат менен байланыштырууда.
Дагы караңыз "Уулумдун коопсуздугуна тынчсызданам". Темирлан Султанбековдун атасы бийликке кайрылдыТемирлан Султанбеков баштаган үч адам кармалгандан кийин Аймактык шайлоо комиссиясы партияны шайлоодон четтетип, шайлоо күнү Социал-демократтар бюллетенден чийилип калганы маалым болду.
“Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоодон четтетилген. Кечээ бюллетенден чийип салуу чечими кабыл алынган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин Борбордук шайлоо комиссиясына даттанышканан жок. Ошондуктан ошол чечим күчүндө”, - деди деп үшүндүрдү БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.
Дал ушул аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин Борбордук шайлоо комиссиясына арыздануунун мөөнөтү боюнча талаш жаралууда. Анткени Социал-демократтар мыйзам боюнча үч күндүк мөөнөт бар экенин, андыктан партияны бюллетенден чийип салуу мыйзамсыз экенин жүйө келтирет. Алар Аймактык шайлоо комиссиясынын арызын БШКга шайлоо күнү 17-ноябрда түштөн кийин тапшырышты.
Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон Кадырбек Атамбаев мындай деди:
“Биз жалгыз бийликчил эмес партия болчубуз. Биздин партияны ушундай жол менен жарыштан четтетип салышы Кыргызстандагы шайлоо институтуна болгон ишеничти өлтүрдү деп айтсак болот. Шайлоо биздеги жетишкендиктердин бири болчу. Темирлан Султанбековдун 26 саат суракка алынышы, анын талапкер деген статусунун бузулушу, ойдон чыгарылган кылмыш иши толук мыйзамсыздыктан кабар берет”.
Кадырбек Атамбаев Бишкек шаарындагы “баарына каршы” добуш бергендердин арасында Социал-демократтардын шайлоочусу да көп экенин айтууда. Мындан тышкары бул партия башка 10 шаардык кеңештеги шайлоого катышып, анын ичинен Кадамжай, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кемин жана Шопоков шаарындагы шайлоодо босого чектен өттү.
Ош жана Жалал-Абад: "Жаңы Кыргызстан" алдыда
Экинчи борбор Ош шаарындагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча жарышка түшкөн беш партия тең босого чектен өтүп келди. Бирок биринчи келген “Жаңы Кыргызстан” менен калган партиялардын ортосундагы добуштардын айтырмасы абдан эле чоң.
“Жаңы Кыргызстан” 23 790 добуш же болбосо жалпы шайлоочулардын 43,36% ишенимине ээ болгон. Экинчи келген “Ынтымак” партиясы 10 985 добуш алган. Үчүнчү орунда алган “Мурас” партиясына 8 309 жаран добуш берген. Ал эми “Милдет” менен “Бир бол” партиясы 5 миңден ашык добуштан алышкан.
Ал эми дагы бир ири шаар Жалал-Абаддагы шайлоого “Жаңы Кыргызстан”, “Адилет” жана “Эмгек” катышып, “Жаңы Кыргызстан” эң көп добуш алды.
Кайсы партиялар жеңишке жетти?
- Бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жеңишке жетишкен “Жаңы Кыргызстанды” Үсөн Сыдыков түптөгөн. Анын уулу Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери. Партия соңку 10-15 жылдан бери эч кандай саясий иштерге аралашкан эмес. Ал ушул шайлоонун алдында гана активдешип, жарышка түшкөн. Талапкерлери партия азыркы бийликтин саясатын колдой турганын, бирок мамлекет башындагы адамдар менен байланышы жоктугун айтып келишет.
- Ал эми бул шайлоодо ийгилик жылмайган партиялардын дагы бири “Жаңы күчтү” мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин баласы Кубанычбек Конгантиев менен байланыштырышат. Ал 2012-жылдан бери шаардык кеңеште мандат алып, акыркы чакырылышында төрага болгон. Анын катарында мурдагы депутат, мурдагы мэр жана чоң кызматтарда иштеп кеткендердин балдары, кыздары бар. "Жаңы күчтүн" катарына мушташка аралашканы үчүн парламенттеги мандатын тапшырган, экс-депутат Жаныбек Абиров да кошулган.
- Жогорудагы партиялардай эле бир катар шаардагы шайлоодо босого чекти өткөн “Ынтымакты” Жогорку Кенештеги ушундай эле аталган фракциянын лидери Марлен Маматалиев түптөгөн. Көпчүлүк “Ынтымакты” бийликчил партия катары сыпатташат. Партияга парламентте тогуз мандат таандык.
- Мындан тыркары "Адилет" партиясы да бир нече шаардык кеңеште мандат ала турган болду. Аталган партияны Жогорку Кеңештин депутаттары Кубанычбек Самаков менен Элдар Сулайманов сүрөп жатканы айтылган. Экөө тең мурдагы депутаттар Карганбек Самаков менен Нурлан Сулаймановдун балдары.
- Буга чейин парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге катышып жүргөн "Эл үмүтү" партиясынын үмүтү да акталды көрүнөт. Бул партия бир катар шаарда шайлоонун босого чегинен өтүп, айрымдарында алдыңкы катарда келди. Аталган партияны Аскар Алмаз уулу түптөгөн. Бирок "Эл үмүтүн" президенттин жакындары менен байланыштырып келишет.
- Мындан тышкары Салымбековдордун үй-бүлөсүно тиешелүү "Эмгек" партиясы да бир топ шаардык кеңеште ийгиликтүү болду.
Шайлоонун толук жыйынтыгы менен Борбордук шайлоо комиссиянын сайтынан таанышып алсаңыз болот. Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча партиялардын көбү жаңы экенин айтууга болот. Ал эми көп жылдардан бери саясий активдүү болуп келген партиялар "Бүтүн Кыргызстан" Кербен шаарындагы шайлоого гана катышып, босого чектен өттү. Ал эми "Ата Мекен" болсо Базар-Коргон шаарында жарышка эле түшүп, босого чектен өтпөй калды.