Ак-Суу: №3092 шайлоо тилкесинде добуш берүү башка күнү уюштурулат

Кыргызстандагы добушканалардын бири. 17-ноябрь, 2024-жыл.

Бүгүн, 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айылындагы №3092 шайлоо тилкесинде бюллетен чыгарган аппарат иштебей, шайлоочулар добуш бере алган жок. Мындан улам бул округда добуш берүү башка күнү уюштурулат.

Бул тууралуу райондук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Адилет Супатаев “Азаттыкка” ырастады.

Бул шайлоо тилкесинде 600дөн ашык шайлоочу катталган. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, №1 Тепке шайлоо округунда үч талапкер ат салышып жатат.

Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 шайлоо тилкесинин дагы аппараттар иштебей калгандыктан добуш берүү үч саатка узартылды. Бул тууралуу Шайыбек Ата айыл аймагынын башчысы Улан Абдрахманов “Азаттыкка” билдирди. Бул шайлоо тилкесинде 2250 шайлоочу катталган, алардын бири да кечки сегизге чейин добуш берген эмес.

Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталып, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталды. Боршайкомдун маалыматына караганда, республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 добушкана ачылды. Акыркы эсепте Кыргызстандагы шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039 деп эсептелген.

Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өттү. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышты. 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү. (KS)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдөгү Чоң-Сары-Ой шайлоо тилкесинин иши үч саатка узартылды