Акмоло облусунун Сабынды айылындагы мурдагы мечиттин имаратында газ жарылып, үч киши каза болуп, 16сы жаракат алды. Айрым маалыматтарга караганда имаратта маркумга куран окутуу болуп жаткан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кабарлашынча, 46 жаштагы кишинин, 41 жаштагы аял жана 12 жаштагы баланын сөөгү урандылардын арасынан табылды. Жаракат алгандар Астана ооруканасына жаткырылды.
Окуя болгон жерде куткаруучулар, медицина кызматкерлери, кинолог, психологдор иштеп жатышат. ӨКМ өрткө газ себеп болгонун кабарлады. Имараттан алты газ баллон чыгарылды.
Дагы караңыз
Жергиликтүү шайлоо: Саат 14:00гө карата 14,04% шайлоочу добуш берди