Бангладеште жыл башынан бери Денге безгегинен 400дөй адам өлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Бангладеште Денге деп аталган безгектен улам эпидемиялык кырдаал чыңалды. Жыл башынан бери андан 400дөн ашык адам өлдү.

Ооруканаларга бул илдетке кабылып кайрылгандардын саны 78 миңден ашты. Бул акыркы жылдардагы безгек эң көп жайылган учур болуп калды.

Денге безгеги Бангладеште былтыртан бери күчөдү. Андан бери илдет жалпы 1705 тургундун өмүрүн алып кетти. 2023-жылдын башынан бери илдетти жугузган 321 миң учур катталды.

Reuters агенттиги кабарлагандай, окумуштуулар Денге безгегинин кескин жайылышын климаттын өзгөрүшү менен түшүндүрүүдө. Глобалдык жылуулуктан улам Түштүк-чыгыш Азияда муссон – жыл мезгили боюнча туруктуу соккон шамалдар узак болуп жатканы айтылган. Бул убакта чиркейлер көбөйүп, Денгенин вирусун улам жайылтууда.

Изилдөөчүлөр Денге безгеги дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүнө, анын ичинде Европада тарап кетиши мүмкүн деп коңгуроо кагышууда.

Денге безгеги кандын уюшун камсыздаган системаны жабыркаткан оорунун түрү. Ал күчөп кетсе адам өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Безгектин бул түрү адатта тропикалык мамлекеттерде тарачу. Ал негизинен Aedes aegypti деп аталган чиркейдин чагуусу менен жугат. Учурда Денге безгегине вакцина жок. Аны менен күрөшүү чиркейлерди жок кылуунун тегерегинде гана жүрүп келет.

2024-жылдын башынан бери дүйнөдө Денге безгегине кабылган 13 миллион учур катталды жана андан 8500 адамдын өмүрү кыйылды. (ErN)