Түндүк Корея Орусияга Орусияга 50 даана М1978 тибиндеги “Коксан” деп аталган өзү жүрүүчү замбиректерди жана 20 даана модернизацияланган жапырт аткылоочу реактивдүү системаларды жеткирди. Бул тууралуу Financial Times эл аралык басылмасы Украинанын чалгын кызматына таянуу менен кабарлады.
Орусиянын темир жол платформаларында М1978 замбиректери ташылып баратканы тартылган сүрөттөр төртүнчү күнү интернетке жарыяланган. Алар кайсы жерде тартылганы белгисиз.
“Коксан” өзү жүрүүчү замбиректери Иран-Ирак согушу маалында Иранга жеткирилгени маалым. 170 миллиметр калибрдеги куралдар 40 чакырымга чейин кадимки дүрмөттөр менен, 60 чакырымга чейин башкарыла турган дүрмөттөр менен атууга жөндөмдүү.
Орусия Украинага басып киргенден бери Ирандан да, Түндүк Кореядан да курал-жарактарды жана ок-дарыларды сатып алып келатат. Москва Тегерандан негизинен Shahed өзү үчуучу дрондорун алып жатат. Пхеньян орус тарапка 240 миллиметр калибрдеги жапырт аткылоочу реактивдүү системаларды жеткирип келгени кабарланган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Корея менен аскердик жана куралдануу боюнча бардык соода алакаларга санкция менен тыюу салган. Анын ичинде Орусияга да Пхеньян менен аскерий багытта алыш-бериш кылуусуна чектөө коюлган. Ага карабай Орусия Түндүк Кореядан курал-жарак алып жатканын Батыш өлкөлөрү айыптап келатышат, Түштүк Кореяга буга жооп чара катары Украинага курал жеткириши мүмкүн экенин маалымдаган.
Украина Орусиянын бийлиги чек арадагы Курск облусуна кеминде 10 миңдей түндүк кореялык аскерди алып барганын, ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө алар менен биринчи кагылышуу болгонун 6-ноябрда билдирген. Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес болууда. (ErN)