Бишкектин Свердлов райсоту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алды
Соттун чечимине ылайык, үч жаран Бишкектин №1 тергөө абагында камалат. Соттук процесстин алдында Султанбеков коюлган айыптарды четке кагып, "чындык биз тарапта" деп учкай кайрылуу жасаган. Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер кармалган. Кыйноолорго каршы улуттук борбор Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында турган Султанбеков 16 саат токтоосуз суракка алынганын, бул процессуалдык жактан мыйзамсыз экенин даттанганын билдирди. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. Партия бул чечим менен макул эместигин жана Борбордук шайлоо комиссиясына даттана турганын кабарлады.
Бишкекте бычак жеген келин көз жумду, күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө
Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургуну, 27 жаштагы Н. А. аттуу келин бычактан жараат алып, "Тез жардам" ооруканасына жеткирилген. Көп өтпөй каза болгон. Ленин райондук милициясынын маалыматына ылайык, ооруканага ошондой эле бычактан алган жарааты менен маркумдун күйөөсү - 34 жаштагы А. Р. аттуу адам да жеткирилген, учурда жандандыруу бөлүмүндө. Аны милиция кайтарууга алганы кабарланды. Бул окуя милициянын реестрине катталды, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция жубайлар чатакташып кеткени аныкталганын билдирди.
Бишкек мэриясы Айтматов проспектисиндеги теректерди кыя турганын билдирди
Мэр Айбек Жунушалиев мындай чечимге келерден мурда бир топ изилдөөлөр жүргөнүн, бактар карып, шаар тургундарына коркунуч жаратканы үчүн кыйыла турганын айтты. "Бул теректер 1972-1975-жылдары тигилген экен. Катуу шамалдан кулай турган болсо шаар тургундарына кооптуу болот" - деди Жунушалиев. Ал Айтматов проспектисиндеги жол кеңейтилбей турганын жана жаңы тигилген теректердин арасында веложол менен эс алуу жайы пайда боло турганын кошумчалады. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, теректерди кыюу жаз айларында башталат.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусия президенти Владимир Путин менен эки жылдан бери биринчи жолу сүйлөшүп, Украинаны талкуулады
Reuters алар дээрлик эки саат сүйлөшкөнүн кабарлады. Расмий Берлин канцлер "Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушун айыптап, Путинди согушту токтотууга жана аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырганын", Украина менен сүйлөшүү жүргүзүүгө үндөгөнүн жана Германия Киевге канча жардам керек болсо, ошончолук колдоосун көрсөтө берерин айтканын билдирди. Немис өкмөтү жарыялаган маалыматта Путин менен сүйлөшөр алдында Шольц Украинанын президенти Владимир Зеленскийге да чалганы айтылды. Кремлдин маалыматында Путин менен Шольц немис тараптын демилгеси менен сүйлөшкөнү, Украина боюнча "ачык пикир алмашуу" болгону, орус президенти азыркы кырдаалды "НАТОнун агрессивдүү саясатынын түздөн-түз натыйжасы" деп атаганы, абалды жөнгө салуу жана тынчтык жолдорун издөө аракеттери тууралуу кабарлаганы айтылды. Жакынкы Чыгыш маселеси да талкууланганы маалымдалды. Акыркы жолу Шольц менен Путин эки жыл мурда, 2022-жылдын декабрында сүйлөшкөн.
МАГАТЭ башчысы Рафаэл Гросси Ирандын жер астындагы уран байытуу жайларын кыдырды
Гросси Ирандагы сапары учурунда бул өлкөнүн уран байытылуучу негизги объектилери – жер астында жайгаштырылган Фордо жана Натанз ишканаларына барды. Бул тууралуу 15-ноябрда Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты. Гросси ал жакка барганы гана кабарланды, андан башка маалымат берилген жок. Тегеран өзүнүн өзөктүк объектилериндеги инспекцияларды чектеп, МАГАТЭнин айрым багыттар боюнча адистерине уран байытылуучу ишканаларга кирүүсүнө тыюу салган. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи МАГАТЭ менен кызматташтык "кайрат жана ак ниеттүүлүк" негизинде улана берерин убада кылып, Тегерандын өзөктүк программасы тынчтык гана максатын көздөй турганын кайталаган. Ошону менен катар Ирандын башкы дипломаты сүйлөшүүлөрдө "басым жасалбашы керектигин" белгилеген. Батыш Иран өзүнүн өзөктүк программасын куралдануу үчүн өнүктүрүүдө деп эсептейт.
Саида Мирзиёеванын өнөктөшү Алламжоновго кол салууга шектүү дагы бир киши Cеулда кармалдыАлламжоновго кол салуу аракетине шектүү киши Cеулда кармалды
Өзбекстандын президенттик администрациясынын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси, президенттин улуу кызынын өнөктөшү деп айтылып жаткан Комил Алламжоновго кол салуу аракетине шектүү деп өзбек жараны Жавлон Юнусов кармалды. Өзбекстандын Сеулдагы элчилигинин өкүлү Юнусов кармалганын тастыктады, андан башка маалымат берген жок. Интерпол Өзбекстан 36 жаштагы Юнусовду "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деп айыптап жатканын маалымдап, аны издөө жана кармоо тууралуу өтүнүчтү өзбек тараптын атынан бардык өлкөлөргө жөнөткөн. Интерполдун "кызыл эскертмеси" камакка алууга ордер болуп эсептелбейт, бирок кармалган кишини экстрадияция болгончо, өткөрүлүп берилгенче же тийиштүү соттук териштирүү өткөнчө кармап турууга уруксат берет.
1-декабрдан тарта Орусияга кирген кыргызстандыктар биометрикалык маалыматтарды тапшырат
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, кыргызстандыктар Домодедово, Шереметьево, Внуково жана Жуковский эл аралык аэропортторунда, Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Биометрикалык маалыматтарга адамдын жүзүн сүрөткө тартуу жана бармак изин сканерлөө кирет. ТИМ кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарындагы талаптарды эске алууну жана чек ара бекеттеринде кошумча процедураларга даяр болууга чакырат. Кыргызстандын 400 миңдей жараны Орусияда эмгек миграциясында жүргөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлаган.
Казакстандык режиссер Асхат Кучинчирековдун "Бауырына салу" тасмасы америкалык "Оскар" сыйлыгына "Чет тилдеги мыкты фильм" номинациясына тандалды
Фильмде жаш жубайлар тун же кичүү баласын чоң ата, чоң апасына берип койгон салт тууралуу баяндалат. Башкы каармандын өз ата-энеси менен мамилесиндеги кыйынчылыктары, ортодогу түшүнбөөчүлүк көйгөйү көрсөтүлөт. Чоң апасынын колунда чоңойгон бала анын көзү өткөндөн кийин ата-энесинин колуна барганда алардын жанында өзүн чоочун сезет. Режиссёр өзү бул эмгегин дээрлик автобиографиялык тасма деп атаган жана чоң ата, чоң эне колунда өскөн бала өзүн жалгыз сезерин, эмоционалдык травма менен жашарын айткан. "Бауырына салу" тасмасы буга чейин бир нече эл аралык сыйлыкка татыган.