АКШда орус-америкалык жаран биткоин уурдаганы үчүн беш жылга соттолду

АКШда Орусиянын жана Кошмо Штаттардын жараны криптовалютага байланыштуу тарыхтагы эң ири кылмыштардын бири үчүн айыптуу деп аталып, сот жообуна тартылды. АКШнын Юстиция министрлигинин коомчулук менен байланыш башкармалыгынын 14-ноябрдагы маалыматына караганда, 35 жаштагы Илья Лихтенштейн аттуу жаран Bitfinex ири криптовалюта биржасынан уурдалган 120 000 биткоинди адалдоо аракетине катышкандыгы үчүн беш жылга түрмөгө кесилди.

Ошол кезде 71 миллион доллар, ал эми азыркы курс менен эсептегенде 10 миллиард долларга жакын каражат уурдалган окуя 2016-жылы болгон. Былтыр Лихтенштейн күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берген. Ал камакка 2022-жылдын февралында алынган.

Орусияда төрөлүп, АКШда чоңойгон Лихтенштейн менен чогуу анын жубайы Хезер Морган да кармалган. Ал да кылмышын мойнуна алган, өкүмү 18-ноябрда жарыяланат.

Тергөөчүлөрдүн айтканына караганда, жубайлар Bitfinex биржасын бузуп кирүү үчүн бир катар татаал хакердик ыкмалар менен иштешкен, алтын жана ар кандай белек карталарын сатып алып, жалган ысым колдонушкан, уурдалган акчаны Орусияга которуп турушкан. (RK)

Дагы караңыз

Сот Султанбековду, Карамушкинаны, Түрксеверди эки айга камады Сот Султанбековду, Карамушкинаны жана Түрксеверди эки айга камакка алды Орусия Украинанын Купянск шаарына кеңири чабуул баштаганы кабарланууда