Орусия Украинанын Купянск шаарына кеңири чабуул баштаганы кабарланууда

Ukraine -- Consequences of Russia's shelling of Kupyansk, Kharkiv region, 24Oct2024

Орусиялык аскерлер Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков облусунун Купянск шаарында толук масштабдуу чабуулун баштаганы кабарланууда. Бир нече күн мурда алар украиндердин коргонуусун бузуп өтүп, шаарга оор техникасы менен кирип барган.

Темир жол жана авто жол түйүнү болгон бул аймакка түндүктөн, чыгыштан жана түштүк тараптан улам жылып отуруп кирип барган орус аскерлеринин кысымына украиналыктар бир нече апталап туруштук берүүгө аракет кылышты.

Согуш башталган 2022-жылдын күзүндө Орусия Харьков облусуна чабуул койгондо украин командирлери Купянск шаарын өз карамагына кайтарып алууга жетишкен.

Шаарда айыгышкан кармаш жүрүп жатканы ушул аптанын башында кабарлана баштаган.

Украин аскерлери дээрлик 1100 чакырымдык фронт линиясын өтө оорчулук менен кармап турушканына бир нече ай болду.

Купянскиден тышкары орус аскерлери азыр Украинанын түштүк-чыгышындагы Донецк облусунун Покровск шаарына да жакындап калышты, Торецк жана Часов Яр шаарларын жарым-жартылай көзөмөлдөп турушат. Эгер бул шаарлар Орусиянын көзөмөлүнө өтсө украиндердин Донбасс аркылуу өтүүчү камсыздоо жана логистика жолдоруна чоң коркунуч жаралат.

Ал тапта Украина Орусияны аскердик жана өнөр жай базаларына чабуулдарын күчөттү. 15-ноябрда Краснодар аймагында авиа база бутага алынганы белгилүү болду.

Украин президенти Владимир Зеленский 14-ноябрдагы кайрылуусунда өлкөсү Орусиянын тынымсыз чабуулуна кабылып жатканын белгилеп, өнөктөштөрдүн жардамы зарылдыгын кайталады.

"Абадан коргонуу системалары көбүрөөк зарыл. Душмандын өзүнүн аймагындагы террордук каражаттарды жок кылууга мүмкүнчүлүк керек болууда. Орусияга каршы санкциялык басымды күчөтүү зарылдыгын да кайталап келебиз", - деди ал. (RK)

Дагы караңыз

Кыйноолорго каршы борбор Темирлан Султанбеков 16 саат сурак бергенин билдирди Азиз Биймырза уулу “Манас” улуттук академиясынын президенти болуп дайындалдыИзраил Бейрутта "Хезболлага" каршы сокку уруп жататКаспийдеги уникалдуу аюу балык кескин азайып баратат