Түштүк Кореяда Өзбекстандын президенттик администрациясынын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси, президенттин улуу кызынын өнөктөшү деп айтылып жаткан Комил Алламжоновго кол салуу аракетине шектүү деп өзбек жараны Жавлон Юнусов кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы Түштүк Кореядагы жана Өзбекстандагы жеке булактарынын маалыматына таянып жазды.
Өзбекстандын укук тартибин коргоо органдарындагы булак Юнусовдун колго түшүрүлүшүн тергөөдөгү "бурулуш учур" деп атады. Өзбекстандын Сеулдагы элчилигинин өкүлү Юнусов кармалганын тастыктады, андан башка маалымат берген жок.
Интерпол Өзбекстан 36 жаштагы Юнусовду "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деп айыптап жатканын маалымдап, аны издөө жана кармоо тууралуу өтүнүчтү өзбек тараптын атынан бардык өлкөлөргө жөнөткөн. Интерполдун "кызыл эскертмеси" камакка алууга ордер болуп эсептелбейт, бирок кармалган кишини экстрадияция болгончо, өткөрүлүп берилгенче же тийиштүү соттук териштирүү өткөнчө кармап турууга уруксат берет.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, окуя 26-октябрда борбор калаа Ташкентте болгон, белгисиз бирөөлөр Range Rover машинасын аткылаган, эч ким жабыркаган эмес. Буга байланыштуу жүрүп жаткан тергөөгө жакын булактар билдиргендей, кол салгандар бутага Өзбекстандагы таасирлүү саясий ишмер, президенттик үй-бүлөнүн, тагыраак айтканда, мамлекет башчы Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёеванын өнөктөшү катары белгилүү Алламжоновду алышкан.
Өзбекстанда бул окуя боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу ачык маалымат аз, жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий кабарлардан башканы жазууга тыюу салынган.
Өзбекстандын өзүндө эки шектүү камакка алынганы кабарланган.
40 жаштагы Алламжоновду президент Мирзиёевдин башкы кеңешчиси жана анын кызы Саида Мирзиёеванын насаатчысы деп атап келишкен. 2018-2022-жылдары ал президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана жалпы коммуникация агенттигинин директору болуп иштеди. 2022-жылы администрациянын башчысынын коомдук пикирди изилдөөгө жана маалыматтык саясатына жооптуу орун басары болуп дайындалган. Кийин администрациянын Маалыматтык саясат департаментин жетектеп, бул кызматтан быйыл сентябрь айында кеткен. Анын кызматтан кетиши башка ишке өтүү катары көрсөтүлгөнү менен башкаруучу үй-бүлөнүн ичиндеги ажырымдын белгиси катары мүнөздөлгөн. (RK)
Дагы караңыз
Кыргызстанда ID-паспортту алуу үчүн буюртмалар онлайн кабыл алына баштады Президент Жапаров элди шайлоого активдүү катышууга чакырдыMBANK "санкцияларды кыйгап өткөн" деген маалыматка жооп берди Сот Султанбековду, Карамушкинаны, Түрксеверди эки айга камады