Президент Жапаров элди шайлоого активдүү катышууга чакырды

Иллюстрация.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерди шайлоого жарандарды активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу 15-ноябрда Ош облусунун жаңы түзүлгөн Жаңы-Барак айылынын тургундары менен жолугушууда билдиргени мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Ал жергиликтүү кеңеш деп кайдыгер карабай, жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү көтөрүп, элге кам көрө турган талапкерлерди колдоо зарыл экенин айтты.

“Мамлекет башчысы шайлоо системасын автоматташтыруунун аркасында добуш берүү процесси ачык-айкын жана ишенимдүү болуп калганын айтты. Ал киргизилген жаңычылдыктар манипуляция жасоого тобокелдиктерди жараткан процедураларды жокко чыгарууга мүмкүндүк бергенин эске салды”, - деп жазылган билдирүүдө.

Президент Жапаров жарандарды добуштарын сатпоого чакырып, мындай аракеттер жакынкы беш жылда өлкөнүн тагдырына таасир этиши мүмкүн экенин айтты.

Мамлекет башчы 13-ноябрда да Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарыялаган кайрылуусунда жергиликтүү кеңештерди шайлоонун мааниси тууралуу сөз кылган.

17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен өлкө боюнча 56 аймактык жана 2438 участкалык шайлоо комиссиялары алектенет.

2024-жылдын 5-сентябрына карата шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 121 миң 44 адамды түзөт. Шайлоого 39 партия катышууда.

Дагы караңыз

Тергөө абагындагы Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялаганы кабарландыСоциал-демократтардын лидери Темирлан Султанбеков кармалдыСоциал-демократтар БШКга арызын шайлоо күнү бере турганын билдирдиБишкекте бычак жеген келин көз жумду, күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө