Социал-демократтар партиясынын тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканын адвокаттарына таянып, анын партиялашы Кадыр Атамбаев билдирди. Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазгандай, Султанбеков ачкачылык акциясын милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандан кийин, өзүнө каршы жасалып жаткан мыйзамсыз аракеттерге нааразылык билдирип, баштаган.
Маалыматты Темирлан Султанбековдун адвокаттарынын бири Айбек Турдуев "Азаттыкка" ырастады:
"Темирлан 14-ноябрдын таңынан бери ачкачылык кармап, суудан башка эч нерсе жебей жатат. Ал бизге ачкачылык акциясын бийликтин мыйзамсыз аракеттерине нааразылык катары кармап жатканын билдирди".
Турдуевдин сөзүнө караганда, Темирлан Султанбеков учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. 15-ноябрда тергөө ага айыбын угузат, ал эми 48 саат ичинде сот анын бөгөт чарасын карайт.
Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков партиялашы Кадыр Атамбаев жана дагы бир нече адам менен чогуу 13-ноябрда Бишкек ШИИБне суракка чакырылып, бир нече сааттан кийин кое берилген. Милиция муну ал жетектеген партиянын шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинанын телефон аркылуу сүйлөшүүсү боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштырган.
14-ноябрда саат 4:30 чамасында милиция Султанбековду атасы менен чогуу кармап кеткенин Кадыр Атамбаев соцтармактагы баракчасында кабарлаган.
14-ноябрдын кечинде Бишкек ШИИБи маалымат таратып, Темирлан Султанбеков Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) шек саналып, кармалганын кабарлаган. Ал жетектеген партия Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтетилген.
“Социнтерн” эл аралык бирикменин эң жаш вице-президенти, Кыргызстандагы демократиянын берилген коргоочусу Темирлан Султанбековдун кармалышына тынчсыздануусун билдирди.
26 жаштагы Темирлан Султанбеков 2016-жылы Кыргызстан Социал Демократиялык партиясына (КСДП) мүчө болгон. 2021-жылы Социал-демократтар партиясынын төрагалыгына шайланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Бишкекте бычак жеген келин көз жумду, күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө"Өнүккөн Кыргызстан болобуз". Өкмөттүн убадасы, 2024-жылдын бюджетиШайлоо: "Адилет" партиясынын ишин кароо жылдырылдыСот Султанбековду, Карамушкинаны, Түрксеверди эки айга камады