14-ноябрда "Кыргызстандын социал-демократтар" партиясынын (КСДП) лидери Темирлан Султанбеков кармалды. Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бир нече киши шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелүүдө.
"Күбө катары “Социал-демократтар” партиясынын лидери Т. С. жана бир катар мүчөлөрү К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р. А.Б. суракка алынып, алардын ичинен К.И., Т.Р. жана учурда Т.С кармалып, кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталууда", - деп айтылат шаардык милициянын маалыматында.
Партиянын лидери Темирлан Султанбеков, шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина жана тарапкери Роза Турксевер шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө жүрүп жатканы, жыйынтыгы менен бардык шектүүлөрдүн аракетине мыйзам чегинде юридикалык баа берилери кабарланды.
Султанбековдун адвокаты Айбек Турдуев жергиликтүү медианын бирине партиянын лидери добуш сатып алууга айыпталып жатканын айтты. "Аны убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камашты. Темирланды айыпкер катары суракка алышты" деди.
Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин кармалышы тууралуу комментарий бере элек.
“Социнтерн” эл аралык бирикменин эң жаш вице-президенти, Кыргызстандагы демократиянын берилген коргоочусу Темирлан Султанбековдун кармалышына тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун сайтына чыккан билдирүүдө Султанбековго суракта талапкерлигин алып салуу сунушу менен басым жасалганы, адвокаты менен жолуктурбай жатканы демократиялык принциптерге каршы келери айтылат.
Эл аралык уюм кыргыз бийлигин мыйзамдарды сактоого, эл аралык коомчулукту - Европарламентти, ЕККУну Султанбековду боштондукка чыгарууга жана Кыргызстандагы демократияны коргоодо тилектеш болууга чакырды.
2022-жылы ноябрда КСДПнын төрагасы Султанбеков “Социнтерн” эл аралык уюмунун вице-президенти болуп шайланган. 126 өлкөдөгү 150 партиянын башын бириктирген “Социалисттик Интернационал” (“Социнтерн”) уюму 158 жыл мурун түптөлгөн.
Бейшембиде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы КСДПны шайлоодон четтетти. Буга шаардык милициянын добуш сатып алуу боюнча козгогон кылмыш иши негиз болгон. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конуров аталган партияга буга чейин эки ирет эскертүү берилгенин билдирген.
Талапкерлер сурак берди
13-ноябрдын кечинде КСДПдан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков милицияга суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан соң, коё берилген. Андан кийин Атамбаев ата-бала Султанбековдорду кайрадан кармап кетишкенин билдирген. Темирландын атасы кийинчерээк бошотулган.
14-ноябрга караган түнү саат 04:30 чамасында милиция кызматкерлери Социал-демократтар партиясынын лидери, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Султанбековдун үйүнө барганын Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында түз алып көрсөттү. Ал милиция кызматкерлери ата-бала Султанбековдорго "кол салды" деп айтты.
"Султанбековго жана атасына кол салышты. Экөөнү унаага сүйрөп түшүүгө аракет кылып жатышат. Бул мыйзамсыз! Анын шаардык кеңештин депутаттыгына (талапкер катары) иммунитети бар!" - деп билдирди Атамбаев.
Түз эфирде көрсөтүлгөн тасмада Султанбеков "маалыматты эч жакка чыгарбоо тууралуу" кол коюудан баш тартканын, бирок ошол эле учурда маалыматты эч жакка чыгарбай турганын айтып жатканын, айрым адамдар аны бир жакка алып кетүүгө аракеттенип жатканын, Султанбеков ак машинеге отурганын көрүүгө болот.
Кийинчерээк аларды Бишкек шаардык милициясына алып барышканы маалым болгон.
Адвокат Айбек Турдуев 14-ноябрда Султанбековду түндө атасы менен чогуу, үйү тараптан күчтөп, автоунаага салып алып кетишкен боюнча алар кайда кармалып турганы белгисиз экенин айтууда.
"Түндө саат 4:30да күчтөп алып кетишкен болсо, мына саат 10:30 болду. Кайда экенин шаардык милиция өзү билбейт. Азыр биз милициянын нөөмөт бөлүмүндө турабыз, алар дагы кайда экенин билбей жатышат", - деди адвокат.
Атамбаев менен Султанбеков 13-ноябрь күнү кечинде да Бишкек милициясына суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан соң, коё берилген.
КСДПнын талапкери Кадыр Атамбаев милициянын сурагында партиянын төрагасы Темирлан Султанбековго "талапкерлигин алуу боюнча сунуш" болгонун журналисттерге билдирди.
“Бул жерде саясий буйрук экени айдан ачык болуп турат. Ал өзү “көйгөйлөрдөн качуу үчүн талапкерлигиңди ал” деген сунуш болгонун айтты. Бул чектен чыккан саясий басым. Бул нерсе бийликке аброй алып келбейт”, - деди Атамбаев.
Бийликтин эскертүүсү
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлоо таза, добуш сатып алуусуз, ачык өтөт деп ишендирди. УКМК төрагасы бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди:
"17-ноябрда өтө турган шайлоону таза өткөрүү үчүн колубуздан келгенин кылдык мамлекет тарабынан. Шайлоого катышуу үчүн бараткан партиялар, талапкерлер текшерилди. Арасынан 30дай талапкерди алдырдык, анткени алардын мурда уюшкан кылмыш топторуна жана кылмыштуулукка тиешеси бар болгону аныкталган. Мамлекет бир да партияны, талапкерди колдобойт. Эл өзү тандап, өзү шайласын. Кечээ бир чоң партиянын штабынан, талапкерлер өздөрү түздөн-түз уюштуруп добуш сатып алууну пландашкан. Тизме түзгөн. Ошонун баарына мыйзам чегинде чара көрүлдү. Ошол партиядан 3-4 адам камакка алынды. Шайлоо болуп жаткан күнү да ушундай болот. Укук коргоо органдары бардык шайлоо участокторунда, көчөлөрдө да иштешет".
Ташиев сөзүндө мамлекеттик кызматкерлердин шайлоого аралашууга укугу жоктугун эскертти. Ал мурдагы бийлик ээлерин шайлоолорду түрдүү мыйзам бузуулар менен өткөнүнө унчукпай, көз жуумп келген деп айыптап, мындан ары андай болбосун, парламенттик, президенттик шайлоолор да ушундай таза өтөрүн айтты.
13-ноябрдын кечинде КСДПнын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Кадырбек Атамбаев күч кызматкерлери тинтүүгө келишкенин Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөткөн. Тинтүүдөн кийин партиянын бир нече мүчөсү милицияга жеткирилген.
Бул окуяны улай Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Бишкек шаардык милициясы тинтүүдөн мурдараак Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдаган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.