Парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев Бишкек шаарындагы №57 мектепте мугалимди тилдеген аялга 1000 сом айып салынганын айтып, сындады. Акаевдин белгилешинче, ал мугалим менен сүйлөшкөндө мектепке иштебей турганын айткан. Депутат мындай окуялар коомдо мугалимдердин кадыр-баркын түшүрөт дейт.
“Эмнеге мугалимге орой мамиле кылып, шылдыңдаган адамды болгону миң сом айып пул менен чыгарып жибердиңер? Аны жазага тартып, коомчулукка көрсөтүшүңөр керек болчу. Миңдеген мугалимдердин духу түшүп калды. Билим берүү министрлигин маалыматында Бишкекте эле 500 мугалим жетишпейт. Ушундай боло берсе мугалимдер мектепке келеби? Күч органдары адатта жөнөкөй адамдарды кечирим суратып, жүзүн чыгарып, дароо камакка алып жатпайсыңарбы. Эмнеге кош стандарт мамиле болду? Ал мугалимге телефон чалып сүйлөштүм. Ал “мындай мазактоону көтөрө албайм, болду мектепке иштебейм”, - деди.
9-ноябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматы мугалимди тилдеген аялга чара көрүү үчүн Укук бузуулар кодексинин 102/1-беренеси (“Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү”) менен иш-материалдарды сотко жөнөткөнүн билдирген.
6-ноябрда социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп жатканы тартылган видео тараган. Анда окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, “300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап, “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген.
Билим берүү жана илим министрлиги окуя Бишкек шаарындагы №57 мектепте болгонун билдирип, “мугалимге ыдык көрсөтүү, анын беделин түшүрүүгө аракет кылуу – жол берилгис көрүнүш” деп маалымат тараткан. Окуучунун апасы окуя тууралуу комментарий бере элек.
Андан кийин тарых сабагынан берген мугалим жумуштан кетип калганы белгилүү болгон. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева окутуучунун укуктарын тебелөөгө жол бербөө керектигин эскертип, аны кайра ишке кайтаруу тапшырмасын бергенин айткан.
Ушул тапта өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар жана анда 118 миңге жакын педагог эмгектенет. (TSh)
Дагы караңыз
Орусия Эл аралык кылмыш сотунун судьясын кармоого ордер берди