"Кыргызстан Палестинанын суверендүү мамлекет түзүү укугун тааныйт"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

12-ноябрда Израил армиясы – ЦАХАЛ Бейруттун жака белине сокку урду. Маалыматка караганда, анын алдында жергиликтүү тургундарга эскертүү берилген. Ага чейинки күнү Ливандын түндүгүндө аба соккусунан кеминде 14 киши каза тапкан. Израил армиясы Газа тилкесинде да операциясын улантууда. Жакынкы Чыгыштагы абал дүйшөмбүдө Эр-Риядда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде талкууланганда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “эки мамлекет” планын илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоону сунуш кылды.