Кекилик-Учардын сыры: "Ташиевдин чоң атасы дагы көмүлгөн"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзгөндүн Куршаб айылында 1920-1930-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. Кекилик-Учарда катылган сырды жергиликтүү элдеги маалыматтарга таянып, журналисттер, тарыхчылар ачыкка чыгарган.