Таластын Бакай-Ата районунда эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-ноябрда Бакай-Ата районунун Кеңарал айылынын 61 жаштагы тургуну Коргон-Таш жайлоосуна кетип, дайынсыз болуп жатканы кабарланган.
Издөө учурунда 10-ноябрь күнү Талас районунун Нылды өзөнүндө “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен эки адамдын жансыз денеси табылып, алар 61 жана 60 жаштагы кишилер экени аныкталган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, 42 жаштагы малчы шектүү катары кармалган.
Тергөө учурунда каза болгон адам менен малчынын ортосунда карызга байланыштуу пикир келишпестик болгону аныкталган.
Каза болгон 61 жаштагы адам Кыргызстандагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын мурдагы директору Токсонбай Асанов экени белгилүү болду.
Асанов 1990-жылдан бери дене тарбия мугалими, машыктыруучу болуп эмгектенген. 2017-2019-жылдары Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору болгон.
Ал билим берүүнүн жана дене тарбиянын отличниги, эмгек сиңирген машыктыруучу наамдарын алган. (MKt)