Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиева кызматынан алынды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, жетекчинин милдетин аткаруучу болуп орун басары дайындалды.
Бактыгүл Султангазиеваны Улуттук онкология борборунун жетекчилигинен алуу сунушун мурдараак саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Министрлер кабинетине киргизген.
Султангазиеванын дарегине Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары сын-пикир айтышкан. Депутат Айсулуу Мамашева аны онкологиялык оорулууларды өзүнүн жеке клиникасына барып дарыланууга мажбурлайт деп айыптаган.
Депутаттардын дооматтарына Бактыгүл Султангазиева эч кандай комментарий берген эмес.
Бактыгүл Султангазиева аталган борборду 2021-жылдан бери жетектеп келген. (ZKo)