Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулаган саммитке катышуу үчүн Эр-Риядга барды

Садыр Жапаров жана Ханзаада Мухаммад бин Абдурахман бин Абдулазиз Аль Сауд (оңдо). Эр-Рияд. 10-ноябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сауд Арабияга иш сапары менен барды. Мамлекет башчыны 10-ноябрда Эр-Рияд шаарынын Король Халид атындагы эл аралык аэропортунан аталган провинция губернаторунун орун басары – Ханзаада Мухаммад бин Абдурахман бин Абдулазиз Аль Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат. Саммитте Палестина жана Түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаал талкууланары кабарланган.

ИКУ 1969-жылы негизделген. Ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана ислам дүйнөсүнүн кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргоо максатында түзүлгөн бул уюмга 57 мамлекет мүчө. Баш кеңсеси Сауд Арабиясынын Жидда шаарында жайгашкан.

Кыргызстан ИКУга 1992-жылы мүчө болуп кирген, уюмдун алкагында аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык жана гуманитардык колдоо боюнча иш-чараларга катышып келет. (ZKo)

Дагы караңыз

Ак-Буура дарыясынан 5 жашар баланы, Нарын дарыясынан 17 жаштагы кызды издөө улануудаМосква: "Насыясы барлар айласыздан согушка кол коёт" Президент Жапаров Аспековдун, Темировдун билдирүүлөрүн жалаа деп сапаттады Москва дрон чабуулуна кабылды, үч аэропорттун иши үзгүлтүккө учурады